Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:32

Зеленский газ экспорттоочу өлкөлөрдөн Орусиянын таасирин азайтууну суранды


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

26-мартта “Газды экспорттоочу өлкөлөрдүн форуму” уюмунун Дохадагы жыйынында Украинанын президенти Владимир Зеленский күтүүсүз видео кайрылуу жасап, энергоресурстарга бай өлкөлөрдөн жаратылыш газын өндүрүүнү көбөйтүп, Орусияны бул рыноктогу үстөмдүгүн азайтууну суранды.

Мунун себебин мунайдын жана газдын импортуна көз каранды болгон өлкөлөр менен мамиле кылууда Москва энерго-отундарды экспорттоону рычаг катары колдонуп жатканы менен түшүндүрдү.

“Мен энергия өндүрүүнү көбөйтүүнү суранам, Орусиядагылардын баары энергияны шантаждын куралы катары пайдалануу туура эместигин түшүнүшү керек”,-деди Зеленский.

“Газды экспорттоочу өлкөлөрдүн форуму” (Gas Exporting Countries Forum (GECF)) уюмуна Алжир, Боливия, Венесуэла, Египет, Иран, Катар, Ливия, Нигерия, Орусия, Бириккен Араб Эмираттары, Тринидад жана Тобаго, Экваториалдык Гвинея мамлекеттери туруктуу мүчөлүк кылат. Уюмдун баш кеңсеси газды экспорттоодо дүйнөдөгү лидерлердин бири болуп саналган Катардын борбору Дохада жайгашкан.

Орусия Украинага кол салгандан кийин Батыш киргизген санкциялар орус газынын экспортун азайткан. Европа Биримдигиндеги жана башка мамлекеттер Орусиянын мунайынан жана газынан көз карандылыкты жоюу аракеттерин күчөттү.

25-мартта АКШнын президенти Жо Байден менен Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен буга байланыштуу жаңы келишимге кол коюшкан. Ага ылайык, Кошмо Штаттары Европа Биримдигине мүчө мамлекеттерди быйыл кеминде 15 млрд. куб метр америкалык суюлтулган газ менен камсыздайт. Алар 2030-жылга чейин Вашингтондун Евробиримдикке газ экспорту 50 млрд. куб метрге чейин жетерин айтышты.

Европа Биримдигиндеги өлкөлөр жылына 350-400 млрд. куб метр газ керектейт. Айрым маалыматтарга караганда, Европа мунун 40%ын Орусиядан сатып алат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG