Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:53

Подполковниктин өлүмүнө шектүүлөр кармалды


Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Аскарали Мухамадиев.
Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Аскарали Мухамадиев.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары, 48 жаштагы подполковник Аскарали Мухамадиев киши колдуу болду. Анын өлүмүнө шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон 34 жаштагы Баткен шаарынын тургуну жана анын үч шериги кармалган.

"Жандандыруу бөлүмүнө таштап кетишкен"

Жекшембиде түш ченде Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчи орун басары Аскарали Мухамадалиев облустук оорукананын жандандыруу бөлүмүндө көкүрөгүнөн алган жаратынан каза тапканы белгилүү болду. Милициянын маалыматына караганда, белгисиз атуулдар аны автоунаада жандандыруу бөлүмүнө таштап кетишкен. Маркумдун сөөгү 28-мартта Баткенде жерге берилди.

Облустук милиция алгач Аскарали Мухамадалиевдин каза болгонун, көңүл айтуусун гана жарыялап, кийин анын киши колдуу болгонун ырастады. Учурда бул ишке шектүү катары төрт киши кармалып, иликтөө жүрүп жатат дейт Баткен облустук милициясынын басма сөз катчысы Дамира Юсупова.

“Териштирүүнүн жүрүшүндө мурда бир нече жолу жолу соттолуп, жакында кылмыш жазасынан бошоп келген Баткен шаарынын 34 жаштагы тургуну, маркумдун жээни учтуу нерсе менен көкүрөк тушуна сайгандыгы аныкталды. Ыкчам-тергөө тобу түзүлүп, кылмыштын изи сууй электе Кадамжай шаарынын Пүлгөн айылынан изин жашырып жүргөн жеринен 34 жаштагы Н.С. жана анын кылмыштуу шериктери кармалды. Азыркы күндө алынган учтуу зат боюнча экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат”.

Окуя Баткен шаарындагы Базар-Башы кварталында, маркумдун кылмышка шектелип жаткан жээнинин үйүндө болгон. Кармалган жаран буга чейин “Тажикстандын жарандарын барымтага алуу”, “уурулук” жана башка беренелер боюнча соттолуп, жакында эле камактан чыкканы белгилүү болду. Милиция кыска маалымат берип, окуянын чоо-жайын айта элек.

Жергиликтүү тургундар бул кылмыштуу окуяны ар кандай жоромолдоп жатышат.

"Чек арадан башка дагы көйгөй көп"

Шектүү катары кармалган жаран 2012-жылы Тажикстанда “кызыл сымап аткезчилиги менен айыпталып кармалган атасын бошотуп алуу талабы менен Тажикстандын жарандарын барымтага алган” деп айыпталганы белгилүү болду. Ошол кезде милициянын атайын операциясы менен барымтадагылар бошотулган. Ага шектелген эки бир тууган качып кетип издөөгө алынган. Бир күндөн кийин алардын биринин сөөгү табылып, кандай жагдайда набыт болгону белгисиз бойдон калган.

Милициянын атайын операциясы. Архив сүрөт. 22-июнь, 2012-жыл.
Милициянын атайын операциясы. Архив сүрөт. 22-июнь, 2012-жыл.

Баткен шаарынын тургуну Аскарали аймакта акыркы эки күндө болгон окуялардан кийин кеңири иликтөө жүрүп, элге себептери ачык айтылбаса, ар кандай түкшүмөл пикирлер жаралып жатат дейт.

“Акыркы күндөрү Баткенде түшүнүксүз иштер көп болуп кетти. Милиция кызматкери ушинтип каза болуп жатса, мыйзамдуулукту талап кылчу прокуратура кызматкерлери мыйзамсыз иште аты аталганы да туура эмес. Эл арасында чек ара көйгөйүнө кошулуп минтип мыйзамсыз аракеттер болушу тууралуу ар кандай сөздөр айтылат экен. Ким-кимиси менен аралашып, туташып мыйзамсыз аракет жасаган топторго айланганы түшүнүксүз болуп жатат. Милицияга ушундай мамиле жасалышынын өзү көп нерсени айтып турат. Демек, бир чоң өзгөрүү жасаш керек”.

Баткен – Кыргызстандын эң аялуу аймагы. Чек арадагы жаңжал жана аткезчилик күч экени жалпыга маалым. Жарандык активист Гүлгаакы Мамасалиева бул көйгөлөргө кошул-ташыл наркотрафик, кылмыштуу топтордун аракети борбордук бийликтин аракетин жокко чыгарып коюшу мүмкүн дейт. Ал бир жылдан бери Баткенде чек ара чырынан жабыркаган жарандардын укуктарына мониторинг жүргүзгөн. Аймакта мамлекеттик органдарды түп тамырынан жаңылабаса, жемкорлук күчөп, тамырлап кеткенин айтууда.

“Баткенде коррупция чындап эле тамырлашып алган. Элди тейлеген мамкаттоо кызматынан баштап укук коргоо органдары баары бири-бирин коргоп, сүйлөшүп биргелешип иштешет. Анан аларды ким көзөмөлдөмөк. Эгер бул схеманы жоёбуз десе люстрация кылып, кадрларды алмаштырып, санариптештирүүнү тездетиш керек. Анан элдин үнү да дароо бийликке жетпей калып жатат. Даттанган кишини дароо ошол эле кызматтар бири-бирин коргоп, арызданган киишинин өзүн күнөлүү кылып коюшат. Ошондуктан ал жерде криминалдык абал да, жемкорлук да жоюлбай жатат. Элдин чек арадан башка дагы бир көйгөй ошол укук коргоо кызматтары. Алардын үстүнөн жөнөкөй тургундар даттана алышпайт. Даттанса, анда өзүнө душман арттырат же мал-жандыгы жоголуп кетет да табылбай калат. Баткендин ушул жагына да өзгөчө көңүл буруу зарыл”.

Апта соңунда Баткендеги акыркы окуялар – кыргыз медиасындагы жаңылыктардын башкы сабына чыкты. Анын бири - 38 жаштагы журналист Арзыгүл Галымбетованын күтүүсүз өлүмү болсо, экинчиси милиция офицеринин киши колдуу каза табышы. Лейлекте айыл аймак башчылары менен облус прокурорунун ортосунда мыйзамсыз мүлк менчиктештирүү маселесине байланыштуу облус прокурору жана эки район шаардын прокурору кызматтан кетирилип, айыл аймак башчылары камакка алынышы.

Киши колдуу каза тапкан милициянын подполковниги Аскарали Мухамадиев 1974-жылы Баткен облусунда туулган. Ал милицияда 2000-жылдардын башынан бери иштеп келгени айтылды.

2018-жылы ноябрда Баткендин облус прокурору киши колдуу каза таап, сөөгү тоо арасынан табылган. Буга шектүү катары бир киши кармалган эле. Милиция офицеринин каза болушу акыркы үч жылдагы чуулгандуу иштердин бири болуп калды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG