Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:19

ЖК: тармактык комитет "Жайыттар" мыйзамын өзгөртүүнү колдоду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитети 28-мартта Жер кодексине, "Жайыттар жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карап, жактырды.

Бул долбоорго байланыштуу коомдо, парламентте талаш-талкуу чыккан. Депутат Султанбай Айжигитов документ "жерди бай адамдарга алып берүүгө жол ачарын" эскерткен.

Айыл чарба министрлиги долбоор жайыттарды сарамжалдуу пайдаланууга багытталганын билдирген. Ошондой эле жалпы жайыттардын 10% бакча катары өздөштүрүлөрүн, бул Кыргызстандагы жемиш бактары тигилген жерден эки эсе көп экенин түшүндүргөн.

Министрлик өздөштүрүлгөн жайыттар жеке менчикке берилбей турганын, айыл чарба аянтынын мамлекеттик фондунун курамына киргизилип, 5 жылдан 20 жылга чейинки мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берилерин белгилеген.

Кыргызстанда жалпысынан тогуз миллион гектар жайыт бар. Чөп жакшы чыкпаган, кунарсыз жайыттар 500 миң гектарга чейин деп эсептелген.

2015-жылдын 1-январына карата Кыргызстанда 36 миң гектар жерде гана көп жылдык өсүмдүктөр өстүрүлгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG