Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:10

«Новая газета» ишмердүүлүгүн токтото турарын жарыялады


"Новая газета" басылмасынын башкы редактору Дмитрий Муратов кеңсесинен чыгып баратат. 21-март, 2021-жыл.
"Новая газета" басылмасынын башкы редактору Дмитрий Муратов кеңсесинен чыгып баратат. 21-март, 2021-жыл.

Орусиядагы «Новая газета» басылмасы «Украинанын аймагындагы атайын операция» аяктаганча өз ишмердүүлүгүн токтото турарын билдирди.

Мындай чечим, Роскомнадзор редакцияга "бейөкмөт уюмдар боюнча мыйзамды бузду" деген негизде экинчи эскертүүсүн бергенден кийин кабыл алган. Бул тууралуу ТАСС агенттиги орус өкмөтүнө таянып жазды.

Биринчи жолу эскертүүнү Роскомнадзор басылмага 22-мартта жасаган. Эки жолку эскертүүдөн кийин басылманы сотко берүүгө жол ачылат.

Орусия Украинага басып киргенден кийин «Новая газета» Кремлге баш ийбеген аз сандагы маалымат каражаттарынын бири катары өз ишмердүүлүгүн улантып жаткан. Гезит «согуш» деген сөздү колдонбой анын ордуна «атайын операция» деп жазып келген.

«Новая газетанын» башкы редактору Дмитрий Муратов былтыр Нобелдин Тынчтык сыйлыгынын лауреаты болгон. Ал жакында эле өзүнүн медалын аукционго коюп, андан түшкөн каражатты украин качкындарына которорун билдирди.

Орусия армиясы 24-февралда Украинага кол салгандан бери орус бийлиги маалымат каражаттарына көзөмөлдү ого бетер күчөткөн жана журналисттерди Украинадагы согушту "аскердик операция" деп атоого милдеттендирген. Ошондой эле Мамлекеттик Дума медиа каражаттарынын ишин чектеген бир катар мыйзамдарды кабыл алган. Ага ылайык, Орусияда армия, дипломатиялык өкүлчүлүктөр жана мамлекеттик органдар тууралуу "жалган маалымат" тараткандар кылмыш жообуна тартылат.

Мындай талаптардан улам CNN, Bloomberg, CBS сыяктуу бир катар эл аралык маалымат каражаттары Орусиядагы ишин токтоткон. Орус бийлиги Инстаграм сыяктуу айрым социалдык тармактарга да өз аймагында тыюу салган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG