Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:48

Нурбек Токтакуновдун сотуна 20 чакты жактоочу катышууда


Нурбек Токтакунов сот залында. 2022-жылдын 28-марты.
Нурбек Токтакунов сот залында. 2022-жылдын 28-марты.

Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында акция өткөргөн укук коргоочуларга сотто адвокат болгон Нурбек Токтакуновдун өзүнүн укугун коргоо үчүн бүгүн 28-мартта Бишкек шаардык сотуна 20 чакты адвокат барды. Бул тууралуу “Азаттыктын” кабарчысы сот залынан маалымдады. Анын айтымында, жыйырмадай адвокат Токтакуновдун укугун коргоочу болуп кезекке жазылды.

17-мартта укук коргоочулар Өндүрүш Токтонасыров, Динара Ошурахунова, Азиза Абдирасулова элчилик алдына Украинадагы баскынчылык аракеттерди токтотуу талабы менен пикетке чыгышкан. Аларды милиция кармап кеткен, кийин сот үчөөнө 3 миң сомдон айыппул салган.

Укук коргоочуларга жактоочу болгон Токтакунов элчиликтин алдында акция өткөрүүгө тыюу салган чечим мыйзамсыз, Конституцияга каршы келерин айтып, сотторду сынга алган.

Биринчи май райондук соту 24-мартта Токтакуновду судьяларды тилдеген деген негизде беш суткага камоо тууралуу чечим чыгарган. Ал сот залынан райондук милициянын бөлүмүнө жеткирилип, кайра бошотулган. Ал эми 25-мартта кармалып, камакка алынган.

Райондук соттун Токтакуновду беш суткага камоо тууралуу чечимине каршы арыз бүгүн шаардык сотто каралууда.

Токтакунов милициянын убактылуу кармоочу жайында эч кандай басым болбогонун, ал эми кармоо учурунда күч колдонулганын бүгүн 28-мартта билдирди.

Күч колдонулганы тууралуу бул билдирүү боюнча тийиштүү органдар азырынча комментарий бере элек. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG