Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:52

Немцов киши колдуу болордон мурда коопсуздук кызматкерлери аңдыганы аныкталды


Орусиялык оппозициячыл саясатчы Борис Немцов.
Орусиялык оппозициячыл саясатчы Борис Немцов.

The Insider, Bellingcat жана Би-Би-Си радиосунун журналисттери оппозициячыл саясатчы Борис Немцов киши колдуу болордун алдында Орусиянын коопсуздук кызматынын (ФСБ) кызматкерлери бир жыл аңдыганын аныкташты.

Маалыматка караганда, оппозициячыл саясатчынын артынан ФСБнын үч кызматкери аңдып жүргөн. Алардын экөө буга чейин Алексек Навальный, Владимир Кара-Мурзанын артынан түшкөнү да маалым болгон.

Кремль иликтөөдөгү маалыматка орус бийлигин тиешеси жок экенин билдирди. Борис Немцов 2014-жылы Орусиянын Украинага карата агрессиясына каршы тынчтык жүрүшүн уюштургандардын бири болгон. Ал Путиндин айландасындагыларга санкция салынышын талап кылып келген.

Борис Немцов 2015-жылдын 27-февралында Москвада өлтүрүлгөн. Буга байланыштуу чеченстандык беш адам камалган. Оппозициячыл саясатчынын тарапташтары иликтөө тийиштүү түрдө жүрбөгөнүн, өлтүрүүгө буйрук берген адам аныкталбаганын билдирип келишет. Алар бул үчүн Орусиянын президенти Владимир Путинди дагы күнөөлөп жүрүшөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG