Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:36

Орусия: Зеленскийден маек алган медиаларга карата териштирүү башталды


Жекшембиде Владимир Зеленский бир катар орусиялык басылмаларга эки саатка чукул маек курган.
Жекшембиде Владимир Зеленский бир катар орусиялык басылмаларга эки саатка чукул маек курган.

Орусияда медиа жана байланыш тармагын тескеген Роскомнадзор мекемеси жергиликтүү басылмалардан Украинанын президентинин маегин жарыялабоону талап кылды. Ошондой эле Владимир Зеленкийден интервью алган медиаларга карата териштирүү башталганын билдирди.

Зеленский 27-мартта "Медуза", "Медиазона", "Дождь" жана "Коммерсант" баштаган бир катар орусиялык басылмаларга эки сааттай маек курган. Анын кеңешчиси Михаил Подоляк өзүнүн Телеграм-каналында маекти жарыялоого тыюу салынышын “ыксыз жорук” катары баалады.

Мунун алдында Роскомнадзор "Эркин Европа / Азаттык" радиосунун казак, тажик жана түркмөн кызматтарынын орус тилиндеги сайттарын тыюу салынган веб-баракчалардын тизмесине кошкон. Мындай чектөө 26-марттан тарта күчүнө киргенин орусиялык көз карандысыз "Медиазона" маалымат сайты "Роскомсвобода" укук коргоо долбооруна шилтеме кылып билдиген.

Буга чейин Роскомнадзор Орусияда же орус тилинде иш алып барган "Медиазона" сыяктуу бир катар эркин маалымат каражаттарынын сайттарын жапкан. Алардын арасында "Эркин Европа / Азаттык" радиосунун бир нече редакцияларынын, Би-Би-Си корпорациясынын орус кызматынын веб-сайттары да бар.

Орус бийлиги армиясы 24-февралда Украинага кол салгандан бери маалымат каражаттарына көзөмөлдү ого бетер күчөткөн жана журналисттерди Украинадагы согушту "аскердик операция" деп атоого милдеттендирген. Мамлекеттик Дума медиа каражаттарынын ишин чектеген бир катар мыйзамдарды кабыл алган. Ага ылайык, Орусияда армия, дипломатиялык өкүлчүлүктөр жана мамлекеттик органдар тууралуу "жалган маалымат" тараткандар кылмыш жообуна тартылат.

Мындай талаптардан улам CNN, Bloomberg, CBS сыяктуу бир катар эл аралык маалымат каражаттары Орусиядагы ишин токтоткон. Орус бийлиги Инстаграм сыяктуу айрым социалдык тармактарга да өз аймагында тыюу салган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG