Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:56

"Свобода" радиосу Орусиядагы бюросунун ишин токтотту


Москвадагы бюро. 27-январь, 2021-жыл
Москвадагы бюро. 27-январь, 2021-жыл

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун орус кызматы – "Свобода" радиосу Орусиядагы бюросунун ишин токтотту. 4-мартта Орусиянын салык кызматы Москванын арбитраждык сотуна кайрылып, медиакорпорациянын Орусиядагы кызыкчылыгын коргогон "РСЕ/РС" жоопкерчилиги чектелген коомун банкрот деп жарыялоону талап кылган.

Москвадагы корпункт ал кездеги президент Борис Ельциндин чакыруусу менен 1991-жылы ачылган.

4-мартта мамлекет башчы Владимир Путин кол койгон мыйзамга ылайык, «куралдуу күчтөрдү колдонуу тууралуу жалган маалымат таратуу» үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралат. Бул – Украинага басып кирүүнүн расмий формулировкасынан күмөн санаган журналист 15 жылга чейин абакка кесилиши мүмкүн дегенди билдирет. Андыктан корпорация кабарчылар окуялар жөнүндө Орусиянын сыртынан айтып беришет деп чечти.

«Бул аргасыз кадамга Путин режиминин чындыкка каршы чабуулу түрттү. Орус бийлиги өз өлкөсүнүн жарандарын Кремль Украинага каршы баштаган согуш тууралуу маалыматтан ажыратууну көздөйт, чынчыл журналисттерди чыккынчы деп жарыялап жатат», - деп билдирди “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай. Ал бир күнү Орусияда корпункт кайра ачылат деген үмүтүн кошумчалады.

Өтүп бараткан жумада Роскомнадзор “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун орус тилиндеги 9 сайтын блоктогон. Ага чейин ушундай эле чара "Медуза", Би-би-си, "Америк добушу", Deutsche Welle сайттарына, Facebook жана Twitter социалдык тармактарына каршы көрүлгөн.

"РСЕ/РС" жоопкерчилиги чектелген коомун банкрот деп жарыялоого ар бир материалды “чет өлкөлүк агент” деген жазуу менен коштоодон баш тартуу үчүн салынган айып пул төлөнгөн эмес деген жүйө келтирилген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG