Бишкектин Биринчи май райондук соту Next TV телеканалына байланыштуу соттук отурум жабык режимде каралып жатат деген маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди.
Жарандык-процессуалдык кодекстин 13-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык соттук отурумду видеого тартуу соттун уруксаты менен гана болорун, ал эми аудио жазууга уруксат берилерин кошумчалады.
28-мартта саат 10:0дө Биринчи май райондук сотунда Next TVнын иши каралып, телеканалдын ээси Равшан Жээнбеков менен соттун ортосунда видео жазууга байланыштуу талаш чыккан. Сот Жээнбековду эрежеге бай ийбегени үчүн чыгарып жиберген.
Next TVга байланыштуу соттук отурум 15:00дөн баштап кайра уланууда.
3-мартта УКМК телеканалдын директорун "улут аралык кастыкты козутуу" деген айып менен козголгон иштин негизинде каналдын директору Таалай Дүйшембиевди камакка алган. Тергөө телеканалдын социалдык тармактагы баракчаларында Украинадагы кырдаалдан улам "Кыргызстан Орусияга аскердик жардам бере турганы" жөнүндө такталбаган маалыматты жарыялаган деп эсептейт. Прокурор каналдын ишмердигин "экстремисттик" деп табууга да ушул окуя негиз экенин билдирген.
Андан бери каналдын кеңсеси жабык турат, сот журналисттерди иш жайына киришине уруксат берген эмес.
Медиа коомчулук телеканалдын жабылышын сөз эркиндигине кысым деп бааласа, президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев жалган маалыматтарды таратууда этият болууну жана эрежелерди сактоо керектигин белгилеген.