Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:39

БУУ талибдердин окуучу кыздар боюнча чечимине тынчсызданды 


Ооганстандагы мектеп окуучусу.
Ооганстандагы мектеп окуучусу.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңеши Ооганстандагы талиб өкмөтүнүн кыздарга мектепке барууга тыюу салган чечиминин узартылышы боюнча тынчсыздануусун билдирди.

23-мартта "Талибан" кыймылынын (Кыргызстанда тыюу салынган) расмий адамдары алтынчы класстан жогорку класстардын окуучу кыздарына мектепке барууга тыюу салган чечимин узарткан. Мындай чечим талибдер бийликти басып алгандан кийин өткөн жылдын жайында киргизилген.

Кошмо Штаттары бул чечимден улам 25-мартта Дохада боло турган талибдер менен жолугушуудан баш тартты.

БУУ жана башка бир катар эл аралык уюмдар аялдарга жана кыздарга салынган чектөөлөрдү айыптап келишкен.

AFP агенттиги кабарлагандай, талибдер Ооганстандагы авиакомпанияларга аялдарды эркек жакынынын коштоосуз учакка отургузбоону буйруган.

Ariana affan жана Kam Air компаниялары 27-марттын кечинде жалгыз саякаттаган аялдарды отургузууга тыюу салышты.

Ошондой эле Ооганстандын өкмөтү 27-мартта Кабулдагы оюн-зоок атракциондору кайсы бир күндөрү кыздарга гана, кайсы бир күндөрү балдарга гана ачылсын деген чечим кабыл алды.

Ал арада 27-мартта BBC Pashtu медиасы Ооганстанда пушту, перс жана өзбек тилинде чыгарылган жаңылыктар түрмөгү ободон алынганын билдирди.

БУУнун Ооганстанга көмөк көрсөткөн улуттук миссиясы эл аралык медиага каршы жасалган бул аракетти дагы бир "чочуткан окуя" катары мүнөздөдү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG