Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:37

"Ошгаз": Тилек Матраимов жетекчилик кызматка 3-мартта дайындалган


Тилек Матраимов 2021-жылы 9-октябрда кыргыз-өзбек чек арасынан мыйзамсыз өткөн деген шек менен кармалып, көп өтпөй үй камагына чыккан.
Тилек Матраимов 2021-жылы 9-октябрда кыргыз-өзбек чек арасынан мыйзамсыз өткөн деген шек менен кармалып, көп өтпөй үй камагына чыккан.

Ош облусундагы Кара-Суу районунун мурдагы акими Тилек Матраимов “Ошгаздын” директорунун орун басары болуп 3-марттан тартып иштеп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган мамлекеттик ишкананын техникалык иштер боюнча орун басары Мирбек Маматов билдирди. Анын маалымдашынча, учурда Тилек Матраимов Бишкек шаарында иш сапары менен жүрөт.

Тилек Матраимов өлкөдөгү ири райондордун бири болгон Кара-Сууну сегиз жыл башкарып, Октябрь окуяларынан кийин кызматтан кеткен. Ал 2021-жылы 9-октябрда кыргыз-өзбек чек арасынан мыйзамсыз өткөн деген шек менен кармалып, кылмыш иши козголгон. Ош шаардык соту көп өтпөй ага 220 миң сом айып пул салып үй камагына чыгарган.

Ал Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов менен бир катар коррупциялык чуулгандуу иштерде аты аталган Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бир тууган иниси. (AAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG