Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:25

Муфтият быйылкы садага-битирдин өлчөмүн, тартибин бекитти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы (КМДБ) орозону утурлай быйылкы зекеттин көлөмүн бекитти. Анда “баалардын туруксуздугуна байланыштуу, садака-битир берген учурда 1 килограмм 600 грамм буудай (56 сом), ун (80 сом), мейиз (717 сом) же 3 килограмм 200 грамм арпа (103 сом), курма (596 сом) баасына көңүл бурууңуздарды эскертебиз”, деп жазылган.

КМДБ тараткан маалыматта азыктардын баасы орточо эсептелген.

Муфтият битир-садага берүүчү адам жогоруда көрсөтүлгөн баалардын кайсынысынан чыгарса өз ыктыяры экенин, бей-бечара, муктаждардын пайдасы үчүн көбүрөөгүнөн чыгаруусу абзел экенин билдирет.

Ошондой эле алтын менен күмүштүн баасынан чыгарып берсе болору айтылган. Андан сырткары малдан берилчү зекет тууралуу түшүндүрмө берилген.

"Эгер ар бир мусулман пенденин бодо малы 30 уйга жетип, алты айдан ашык жайытта багылса, бир жаштан ашкан кунаажын зекет катары берилет. Топоздон дагы ушундай зекет берилет. Ал эми кой-эчкиси 40ка жетип, алты айдан ашык жайытта багылса, бир кой же бир эчки зекет катары берилет. Мусулмандын беш төөсү болуп, алты айдан ашык жайытта багылса, бир кой зекетке берилет. Жылкынын зекети күнүмдүк жашоодо колдонулбаган, алты айдан ашык убакыт жайытта багылган жылкылардан алынат. Мал көбөйгөн сайын зекет эсептери да өзгөрөт",-деп айтылат маалыматта.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын билдиришинче, шариятка ылайык, зекетке колундагы байлык-мүлктүн кырктан бир (40/1) бөлүгү, башкача айтканда 2,5% берилет.

Муфтияттын эсебинде, мусулмандардан жыл сайын Орозо айында 30 миллион сомдой садага-битир жыйналат жана бул каражат муктаждарга жана диний керектөөлөргө жумшалат.

XS
SM
MD
LG