Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:20

"Кош бойлуу келинге башка дары сайылган". Төрөтканадагы шалаакылык


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Нарын шаарында кан тамырына туура эмес дары сайылган аял жандандыруу бөлүмүндө жатат. Окуя Нарын шаардык төрөт үйүндө болгон. Буга байланыштуу милиция кылмыш ишин козгоду.

Нарын шаардык төрөт үйүндө башка дары сайылып, үч күндөн бери эсине келе албай жаткан 27 жаштагы келиндин абалы турукташып калды.

Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын башкы дарыгери Чыңгыз Нарынбековдун “Азаттыкка” билдиришинче, келин кычкылтек аппаратынын жардамы менен дем алып жатат. Бейтаптын кан басымы бир калыпта эмес.

“Бүгүнкү анализдери жакшы чыкты. Азыр көзүн ачты. Абалы турукташып келе жатат. Ага жаңылыш дары сайган эки медайым жумуштан убактылуу четтетилди. Тергөө иштери жүрүп жаткандыктан толук маалымат бере албайбыз”.

Сөз болуп жаткан келин 23-мартта Нарын шаарындагы төрөт үйүндө операция жолу менен кыз төрөгөн.

Облустук оорукананын маалыматына ылайык, кесаревого дайындоо учурунда бейтапка профилактика иретинде кан тамырга тамчылатма дары куюлган. Бирок төрөт үйүнүн медкызматкерлери догдур жазган дарыны эмес, башка препаратты сайышкан.

Андан кийин келин эстен танып, дарыгерлер кан тамыр аркылуу канды тазалоочу дарыны куюп, бейтаптын өмүрүн сактап калууга аракет кылышкан. Келинди операция жолу менен төрөтүшкөн.

3,5 килограмм салмактагы кызды жарыкка алып келген аял жандандыруу бөлүмүнө которулган. Азыр ал күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө турат.

Бул окуяга байланыштуу төрөт үйүнүн эки кызматкери иштен убактылуу четтетилди. Фактыны Нарын шаардык ички иштер бөлүмү териштирип жатат.

Кундуз Эсенгулова.
Кундуз Эсенгулова.

“Төрөт бөлүмүнүн кызматкерлери келинимдин кан тамырына туура эмес дарыны сайыптыр. Мунун айынан бир суткадан бери эсине келбей жатат. Күнөөлүү кызматкерлерге чара колдонуп бергиле деген өтүнүчү менен Нарын шаарынын тургуну Р.К. арыз жазган. Бул факты Нарын шаардык ички иштер башкармалыгынын электрондук журналына катталган. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат”, - деди облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Кундуз Эсенгулова.

Төрөттөн кийин эсине келе албай жаткан келиндин жакындары медайымдарды шалаакылыкка айыптап жатат. Келиндин апасы Апал Шырдакова мындай деди:

“Кызым операцияга кирип кеткенден кийин дайыны чыкпай калды. Ага жолуктуруп койгулачы деп дарыгерлерден эки күн бою суранып жүрдүм. Көрсө, ага туура эмес дарыны сайып коюшкан экен. "Хлорамин куюшкан" деп угуп жатам. Аны менен кир идиштерди жууйт. Кудай деп эле турабыз. Кызымдын абалы оор”.

Бул төрөт үйүндө 2014-жылы да чуулуу окуя катталган. Нарын районунун 39 жаштагы тургуну Миргүл Жумалиева ушул төрөтканада көз жумган.

Алты айлык боюнда бар келин ден соолугу начарлап, Нарындагы облустук төрөтканага барган. Анын саламаттыгын текшерген дарыгерлер курсактагы бала чарчап калганын айтышкан. Бирок ымыркайды операция жолу менен алып салбай, аял өзү төрөгөнү оң деп корутунду чыгарышкан. Миргүл алты саат азап чегип, акыры эс-учун жоготкондо гана операцияга алып кирген. Бирок анын өмүрүн дарыгерлер сактап кала алган эмес.

Кардиолог, профессор Калдарбек Абдраманов мындай окуянын катталышына медкызматкерлердин жоопкерчилиги менен кесипкөйлүгү начарлап кеткени себеп деп эсептейт.

Калдарбек Абдраманов
Калдарбек Абдраманов

"Медициналык окуу жайларда билимдин сапаты өтө төмөндөп кетти. Аларды окуп бүткөндөр жумушка жаңы орношкондо адистигин жогорулатып, билимин дайыма өстүрүп турушу керек. Бирок мындай эрежелер жөнгө салынбай, унутулуп калды. Теориялык билимден тышкары практикалык эрежелерди да билиш керек. Тилекке каршы, мындай тажрыйба жок болгондуктан өкүнүчтүү окуялар катталып жатат. Медицинага кадр даярдоо иш чоң мүчүлүштүктөр бар. Медик – бул инженер же кандайдыр бир техникалык кесип эмес. Биздин жасаган ишибиз адам өмүрү менен байланышкан".

Соңку учурда Саламаттык сактоо министрлигинде реформа жасалып жатканы айтылып келет. Анын арты менен талапка жооп бербеген медициналык окуу жайлар жабылары кабарланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG