Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:29

Төрөлбөй жатып чарчаган ымыркайлар


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көл облустук ооруканасынын төрөт бөлүмүндө ушул жылдын алты айында 33 ымыркай чарчап, эки эне көз жумду. Дарыгерлер ымыркайлардын өлүмүн коронавируска байланыштырууда.

Август айында 18 жаштагы эненин өлүмү социалдык тармактарда талкуу жаратып, айрым активисттер маселени териштирүүнү талап кылган.

Оорукананын жетекчилиги ымыркайлардын жана энелердин өлүмүн коронавируска байланыштырууда.

32 жаштагы Гулиза Абдылдаева ушул жылдын 30-августунда биринчи перзентин жарык дүйнөгө алып келген. Баласынын абалы начарлап, бир жумадан кийин чарчап калган. Дарыгерлер мунун себебин коронавируска байланыштырган.

"Балам жакшы эле төрөлгөн. Ошол күнү кечкисин анализ алып, канындагы канттын көрсөткүчү нормадан ылдый экенин айтышты. Эртеси күнү түш ооп калган маалда салмагы түшүп кетти деп жандандыруу бөлүмүнө алып кетишти. Медайымдан себептерин сурасам “жакшы эмизбей атасыңар да” деп орой жооп узатты. Дагы бир дарыгерден сурасам, бала бир аз саргарып атканын, бирок бир күндө жакшы болуп каларын айткан. Үч күндөн кийин баламдын дене табы 37ге көтөрүлүп кетиптир, атайын аппаратка салдык дешти. Ошол күнү дагы бир келиндин баласы чарчап, реанимацияга кире албай жаттым. Бир топ убакыт өткөндөн кийин кирсем, баламдын денеси карайып кетиптир. Себебин сурасам “коронавирус менен ооруган энеден төрөлгөн балдар ушундай болуп карайып кетип атат” дешти. Балама кан куюп атышты. Ага карабай эле чарчап калды".

Гулизага дарыгерлер баланын өлүмүнө коронавирус себеп болгонун айтышкан. Бирок келин кош бойлуу кезинде оорубаганын айтып отурду.

"Ал жерде мен эле баламды жоготкон жокмун, күнүнө бир же эки бала чарчайт экен. Бала алгач карайып (көгөрүп) анан чарчап калат экен. Менин жеке оюмда бул ооруканада башка дагы инфекция болушу мүмкүн, кантип эле соо төрөлгөн бала бир жумага жетпей чарчап калат? Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы да төрөт бөлүмүнө келип, текшерүү жүргүзүшү керек. Мен баламды медициналык экспертизага берген жокмун, муну жолдошум да каалаган жок. Башка ата-энелер деле ошондой ой менен наристесинин сөөгүн алып кетип атышты".

Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасынын жетекчиси Мирбек Сагымбаев быйылкы жылдын алты айында 1135 бала жарык дүйнөгө келгенин, анын 33ү чарчап калганын айтты.

Анын айтымында, оорукананын коронавирус менен күрөшүү боюнча бөлүмү быйылкы жылы эле 68 кош бойлуу эненин өмүрү үчүн күрөшкөн.

Мирбек Сагымбаев. Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасынын жетекчиси.
Мирбек Сагымбаев. Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасынын жетекчиси.

"Көпчүлүк жаштарда коронавирус эч кандай белгисиз өтүп жатат. Кош бойлуу энелер арасында да коронавирус бар, бирок ал энеге сезилбегени менен курсактагы баласына өтпөйт деп эч ким кепилдик бере албайт. Болочокто ата-эне болчу жаштар организмин чыңдап, моралдык жактан даярданышы керек. Бизде болсо “эч нерсе болбойт, төрөй бер” деген көз караш калыптанып калган. Облустагы оор абалдагы кош бойлуу энелердин баарын бизге жиберишет. Кадрлар болсо жетишсиз, азыр 15 дарыгердин ордуна жети дарыгер иштеп жатат, дээрлик бардыгы пенсия курагында. Жумушу жеңил эмес".

Мирбек Сагымбаевдин айтымында, былтыр миң ымыркай жарык дүйнөгө келсе, быйыл 100 балага көбүрөөк төрөлгөн. Былтыркы жылдын алты айында 36 бала, быйыл 33 наристе чарчап калган.

Республикалык эне жана баланы коргоо улуттук борборунун оорулуу жана ара төрөлгөн ымыркайлар бөлүмүнүн башчысы Сагынбү Абдувалиева коронавирустан улам дүйнө жүзү боюнча ара төрөлгөн же дүйнөгө келип бирок чарчап калган балдардын саны 20 эсеге көбөйгөнүн белгиледи.

"2019-жылдан бери “Ымыркайдын медайымы” деген аталыштагы ассоциация түзүлгөн. Ага 300 дарыгер жана 600дөн ашык медайым мүчө. Негизги максат – ымыркайлар менен иштешкен медиктердин ишин жакшыртуу, тажрыйбасын жогорулатуу. Ассоциациябыз Орусия, Түркия ж.б. мамлекеттердин медиктери менен кызматташып турат. 2019-жылдын декабрь айынан тартып, өзгөчө пандемия башталгандан бери Европадагы, Америкадагы илим изилдөө борборлору коронавирустун курсактагы ымыркайга жана анын энесине тийгизген таасири тууралуу чоң изилдөө жүргүзгөн. Анын негизинде коронавирустун айынан ымыркайлардын, кош бойлуу келиндердин ден соолугу 20 эсе начарлай турганы аныкталган".

Сагынбү Абдувалиева Караколдогу чарчап калган балдар боюнча териштирүү жүрүп жатканына токтолду.

"Саламаттык сактоо министрлигинен атайы топ түзүлүп, текшерүү жүргүзгөнү жатат. Мисалы Улуттук эне жана бала борборунунун оорулуу жана ара төрөлгөн балдар бөлүмүндө ушул жылдын алты айында 900дөн ашык бала дарыланып, анын ичинен 37си чарчап калды. Былтыр 28 бала чарчаган. Быйыл чарчап калган 37 баланын ичинен 12синин салмагы жакшы болгон. Изилдеп көрсөк, энеси кош бойлуу кезинде коронавирус менен ооруган экен. Каза тапкан балдардан сырткары тубаса оору менен төрөлгөн балдардын саны көбөйүп жатат".

Улуттук статистика комитети маалымдашынча 2020-жылы Кыргызстанда 158 миң аял төрөгөн. Аялдардын 27 пайызга жакыны биринчи жолу, ал эми 35 пайызга жакыны же дээрлик ар бир үчүнчү аял экинчи жолу көз жарган. 13% жакыны же дээрлик ар бир сегизинчи аял төрт же андан көп балага эне болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG