Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:28

Кыргыз улуттук драма театры үч жылдык оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды


Үч жылдан бери оңдоп-түзөө иштери бүтпөй жабык турган Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры көрүүчүлөргө эшигин ачты. Маданий жайдын ачылышы айкелчи Тамила Маматова жасаган атактуу актриса Таттыбүбү Турсунбаеванын бюстун ачуу менен башталды.

Театрдын жаңы сезону Жалил Садыковдун "Төлгө" драмасы менен башталганы турат. Аны режиссёр Назым Меңдебаиров коюуда. Бул 27-март - эл аралык театр күнүнө туш келди.

Борбордун так ортосунда жайгашкан академиялык драма театры 2019-жылдын күз айларында оңдоп-түзөөгө жабылган. Ал үчүн өкмөт 84 млн. сомдон ашуун каражат бөлгөн. 2021-жылы сентябрь айында театрдын оңдоо иштерин бүтүрүү үчүн республикалык бюджеттен кошумча 44 миллион 722 миң 900 сом бөлүнгөнүн Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирген. 2019-2020-жылдары республикалык бюджеттен берилген каражатка театрдын сырты оңдолуп, эски айнектери заманбап үлгүдөгү сапаттуу терезелерге алмаштырылган.

Андан тышкары жылуулук берүү системалары, көшөгөлөр, отургучтар жана LED-экран алынган. Пандемиядан улам, каржылоо убактылуу токтоп, ремонт иштери үзгүлтүккө учураган.

Театр мындан 95 жыл мурун 1926-жылы 11-октябрда негизделип, азыркы имарат 1972-жылы пайдаланууга берилген. Маданий жайда учурда 196 кызматкер эмгектенет. Алардын 55и актёр болсо, үч режиссёр, үч сүрөтчү коюучу, анан көркөм жетекчи бар. Ал эми калгандары администрация, техникалык кызматкерлер. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG