Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:36

Орусия "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун орус тилиндеги үч сайтына чектөө койду


Чектөөлөрдөн улам "Эркин Европа / Азаттык" радиосунун Москвадагы кеңсеси ишин токтотууга аргасыз болгон.
Чектөөлөрдөн улам "Эркин Европа / Азаттык" радиосунун Москвадагы кеңсеси ишин токтотууга аргасыз болгон.

Орусиянын медиа жана байланыш тармагын тескеген Роскомнадзор мекемеси "Эркин Европа / Азаттык" радиосунун казак, тажик жана түркмөн кызматтарынын орус тилиндеги сайттарын тыюу салынган веб-баракчалардын тизмесине кошту. Мындай чектөө 26-марттан тарта күчүнө киргенин орусиялык көз карандысыз "Медиазона" маалымат сайты "Роскомсвобода" укук коргоо долбооруна шилтеме кылып билдирди.

Буга чейин Роскомнадзор Орусияда же орус тилинде иш алып барган "Медиазона" сыяктуу бир катар көз карандысыз маалымат каражаттарынын сайттарын жапкан. Алардын арасында "Эркин Европа / Азаттык" радиосунун бир нече редакцияларынын, Би-Би-Си корпорациясынын орус кызматынын веб-сайттары да бар.

Орусия армиясы 24-февралда Украинага кол салгандан бери орус бийлиги маалымат каражаттарына көзөмөлдү ого бетер күчөткөн жана журналисттерди Украинадагы согушту "аскердик операция" деп атоого милдеттендирген. Ошондой эле Мамлекеттик Дума медиа каражаттарынын ишин чектеген бир катар мыйзамдарды кабыл алган. Ага ылайык, Орусияда армия, дипломатиялык өкүлчүлүктөр жана мамлекеттик органдар тууралуу "жалган маалымат" тараткандар кылмыш жообуна тартылат.

Мындай талаптардан улам CNN, Bloomberg, CBS сыяктуу бир катар эл аралык маалымат каражаттары Орусиядагы ишин токтоткон. Орус бийлиги Инстаграм сыяктуу айрым социалдык тармактарга да өз аймагында тыюу салган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG