Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:17

Баткен: подполковник Мухамадиевдин өлүмүнө шектүү кармалды


Аскарали Мухамадиев
Аскарали Мухамадиев

Баткен облустук милициясынын башчысынын орун басары Аскарали Мухамадиевди өлтүрүүгө шектүү кармалды.

Бул тууралуу «Азаттыкка» облустук милициядан кабарлашты. Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү Баткен шаарынын 34 жаштагы тургуну, мурда соттолуп чыккан.

26-мартта Мухамадиев менен шаардагы кафелердин биринде жолугуп, экөөнүн ортосунда чыр чыккан. Шектүү милиция кызматкерине бычак сайган. Анын кесепетинен подполковник каза болгон.

Учурда кылмышка шектүү милициянын убактылуу кармоо жайында. Тергөө уланып жатканы кабарланды. Андан башка маалымат бериле элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG