Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:29

Украинада согушта каза болгон Рустам Зарифулиндин сөөгү Кара-Балтага коюлду


Рустам Зарифулин
Рустам Зарифулин

Украинадагы согушта каза болгон теги кыргызстандык Рустам Зарифулиндин сөөгү Кара-Балта шаарында жерге берилди. Бул тууралуу шаардын тургундары кабарлашты. 26 жаштагы маркумдун сөөгү ата-энеси жашаган үйдөн чыгарылды. Зарифулинди акыркы сапарга узатууга жакындары, колу-коңшулары жана Орусиянын Канттагы аскер базасында кызмат өтөгөн жоокерлер катышкан.

Рустам Зарифулин - Украинага Орусиянын армиясынын катарында барып, каза тапканы расмий ырасталган жана сөөгү киндик кан тамган жерине жеткирилген теги кыргызстандык экинчи жаран.

Ал Кара-Балтада туулуп-өсүп, 18 жашында Орусия жарандыгын алган. Сегиз жыл мурда орус армиясынын катарына кошулган, 14-мартта Украинанын Изюм шаарынын жанындагы согуштук аракет учурунда каза болгон.

Анын тажыясына Орусиянын Канттагы аба базасынын жоокерлери менен катар Кыргызстандын аскерлери катышып, өлкөнүн туусун көтөрүп маркумду акыркы жайга узатканы коомдо ар кандай пикирлерге жем таштады.

Буга чейин Украинадагы согушта окко учкан, кыргыз тектүү орус жараны, 19 жаштагы Эгемберди Дорбоевдин тажыясында да ушундай көрүнүш орун алып, кыргыз жоокерлеринин кадамына түшүнбөстүк, сын-пикир айтылган. Дорбоевдин сөөгү 25-мартта Ысык-Көлдөгү өзү туулган Кара-Ой айылына коюлган.

Кыргызстандын Коргоо министрлиги Эгемберди Дорбоевдин тажыясына кыргыз аскерлеринин катышканы боюнча минтип түшүндүрмө берген:

"Кыргызстандык аскер кызматкерлери тажыяга Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин кайрылуусунун негизинде өз ара аракеттенүү тартиби менен катышкан".

Коргоо министрлиги Рустам Зарифулиндин 27-марттагы тажыясына Кыргызстандын аскерлеринин катышканы тууралуу комментарий бере элек.

Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны Орусияда эмгектенет. Бейрасмий маалыматка караганда, 400-500 миңдей кыргызстандык орус жарандыгын алган.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин "Донбасстагы калкты коргоо" тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирген. Бир айдан бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң катуу чабуулдар Киевге, Харьковго жана Мариуполго жасалды.

Согуш жүздөгөн кишилердин өмүрүн алып, миллиондогон адам үй-жайын таштап качууга аргасыз болду.

Украина-Орусия маселесинде бейтарап экенин расмий Бишкек согуш башталгандан бери кайталап келет.(BkA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG