Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:00

ЖАМК Атамбаевдин адвокаттарынын дооматтарын четке какты


Алмазбек Атамбаев сот алдындагы унаада. 23-март, 2022-жыл
Алмазбек Атамбаев сот алдындагы унаада. 23-март, 2022-жыл

Жазаларды аткаруу кызматы камактагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди сотко күч менен алып келүүнүн айланасындагы жагдайга түшүндүрмө берди. Анда мекеменин кызматкерлери 23-мартта Атамбаевге эч кандай физикалык жана психологиялык кысым көрсөтпөстөн, көрсөтмөлөрдү так аткарып, сотко алып барганы айтылат.

Мекеме Атамбаев буга чейин медициналык текшерүүлөрдөн өтүүдөн баш тартканын билдирип, анын адвокаттары таратып жаткан маалыматтарды аша чапкандык катары баалаган.

«Атамбаев машиненин ичинде ЖАМКнын кызматкерлерин кемсинтип, чыр-чатак чыгарып, орой сөздөрдү айтып, коомчулуктун көңүлүн буруп, ошону менен сот жараянына катышпоого аракет кылган. Соттун имаратына жеткирилгенден кийин, машиненин ичинен бут кийимин жана байпактарын чечип, жактоочуларын бул жакка жылаңаяк алып келишкендигине ишендирүүгө аракет кылган. 2020-жылдын 30-декабрынан бери Атамбаевди сот залына жеткирүү боюнча Биринчи Май райондук сотунан 63 талап келип түшкөн, анын 61и соттук териштирүүгө катышуудан баш тарткандыктан аткарылган эмес»,- деп жазылган маалыматта.

23-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча сот болмок. Бирок негизги айыпталуучу Атамбаев сот залына кирүүдөн баш тартып койгондуктан отурум 30-мартка жылды.

Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев аны камерадан күч колдонуп, сүйрөп чыгышканын, буга байланыштуу Башкы прокуратурага кайрыларын билдирген. Адвокат Атамбаевдин ден соолугуна байланыштуу сотко катышууга ден соолугу жол бербейт деген медициналык тастыктама бар экенин айтууда.

Мурдагы президенттин уулу, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Кадырбек Атамбаев абактагы атасы менен жолугуп чыкканын жана анын денесинде көгала тактар бар экенин, тизеси сыйрылганын жазып чыккан.

Кыйноого каршы улуттук борбордун, Акыйкатчы институтунун кызматкерлери №47 колонияга 24-мартта барып, Атамбаевден кабар алышкан.

Президент Садыр Жапаров да Фейсбуктагы баракчасына билдирүү жазып, мыйзам алдында баары бирдей экенин, жоопкерчиликке тартылган жаран ак экенин сотто далилдеши керектигин айткан. Атамбаевдин сотун ачык өткөрүүнү сунуштаган.

Кыргызстанды 20110-2017-жылдары башкарган Алмазбек Атамбаев 2019-жылдан бери камакта. Ага карата бир нече иш боюнча кылмыш иши козголгон. Алардын ичинде кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу Алмазбек Атамбаев 11 жылга эркинен ажыратылган. Мындан сырткары 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы боюнча иште айыпталуучу катары өтүүдө.(BkA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG