Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:28

Коронавирус жугузуп алган 140тан ашык бейтап дарыланууда


Кыргызстандагы Коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык штабдын 27-марттагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда вирус 11 адамдан аныкталды. Бишкекте тогуз, Чүйдө эки учур катталды. Башка аймактарда ооруну жугузуп алгандар катталган эмес.

Өлкөдө коронавирус пандемиясы башталган эки жылдан бери аны жугузуп алгандардын расмий катталган саны 201 миң адамга чукулдады. Расмий эсеп боюнча 2984 киши каза болду.

Учурда стационарда 89, үй шартында 52 бейтап дарыланып жатат.

Мурдараак республикалык штаб АКШ менен Европада коронавирустун "дельта" жана "омикрондун" мутациясын айкалыштырган варианты (гибрид) аныкталганын билдирген. Кыргыз өкмөтү бул илдетке маани бербей же унутта калтырууга болбой турганын эскертүүдө.

Коронавирус эпидемиясы Кыргызстанда 2020-жылдын март айында башталган. Биринчи толкун ошол жылдын июль айына туура келип, күнүнө 2,5 миңдей бейтап катталган. Оорунун төртүнчү толкуну быйыл январда өттү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG