Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:58

Акыйкатчы институту абактагы Атамбаевден кабар алды


Алмазбек Атамбаев жана Фарид Ниязов сот залында. 2020-жылдын 23-декабры.
Алмазбек Атамбаев жана Фарид Ниязов сот залында. 2020-жылдын 23-декабры.

Акыйкатчынын орун басары Алберт Колопов 24-мартта Бишкектеги №47 түзөтүү мекемесинде жазасын өтөп жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден кабар алды. Башкы укук коргоочу мекемеси тараткан маалыматка караганда, Атамбаев 23-мартта сотко бара албастыгы тууралуу арызын алдын ала жазып бергенине карабай, ага он чакты киши келип, сотко мажбурлап алып кеткенин айткан. Эки күндөн бери кан басымы бир калыпта болбой жатканын, сотко мажбурлап алып барылган учурда денесинен жаракат алганын айтып, бутундагы такты көрсөткөн. Атамбаев мындай мамилеге нааразы болуп, муну басым катары баалаганын билдирген.

№47 түзөтүү мекемесинин жетекчилиги Атамбаевдин өз эркине каршы мажбурлоо болбогонун, ал өзү сотко барам деп чыгып, бирок баргандан кийин машинадан түшпөй койду деген.

"Акыйкатчы тарабынан №47 түзөтүү мекемесине Атамбаевдин өкүлдөрүнүн катышуусунда аны медициналык кароодон ыкчам өткөрүү талабы коюлган, бирок ал медициналык кароодон өтүүдөн жана арыз жазуудан баш тартты. Бардык тараптардын расмий маалыматтары алынгандан кийин, Акыйкатчы тиешелүү иш чараларды мыйзам чегинде улантат ", - деп жазылган маалыматта.


23-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча сот болмок. Бирок негизги айыпталуучу Атамбаев сот залына кирүүдөн баш тартып койгондуктан отурум 30-мартка жылды. Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев аны камерадан күч колдонуп, сүйрөп чыгышканын, буга байланыштуу Башкы прокуратурага кайрыларын билдирген.

Бишкек шаардык кеңешиндеги Социал-демократтар фракциясынын лидери Кадырбек Атамбаев атасы, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен жолугуп чыкканын өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына 24-мартта жазды. Ал атасынын денесинде көгала жана сыйрылган тактар бар экенин, тизеси сыйрылганын билдирген.

Кыйноого каршы улуттук борбордун кызматкерлери №47 колонияга 24-мартта барып, Атамбаев менен жолукканда анын колу-бутунда көк ала тактар бар экени аныкталганы, 23-марттагы окуянын чоо-жайын билүү үчүн абактын маалыматын алууга мүмкүнчүлүк берилбегенин кабарлады.

Жаза аткаруу кызматы жактоочунун жана жакындарынын билдирүүсү боюнча комментарий бере элек.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаевди "Батукаев иши" боюнча кармоо операциясы 2019-жылы анын Кой-Таштагы үйүндө өткөрүлгөн. Күч органдарынын операциясы учурунда бир адам (УКМКнын офицери Үсөнбек Ниязбеков) каза болуп, 175 адам жараат алган. Жалпысынан бул үчүн 19 киши айыпталып, алардын 14нүн иши сотко өткөн.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу Атамбаев жакында 11 жылга эркинен ажыратылды.

Жогорудагы иштерден тышкары Биринчи май райондук сотунда мурдагы президентке байланыштуу кылмыштуу жолу менен алынган кирешени адалдаштыруу, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо боюнча, борбор калаанын Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна бөлүнгөн акчадан уурдоо, паспортторду мыйзамсыз жазып берүү жана 2020-жылдын октябрындагы Бишкектеги башаламандыктар тууралуу иштер каралып жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG