Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:54

Абхазиядан келген автоунааны жасалма документ менен каттаган кызматкер кармалды


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ички иштер министрлигине караштуу "Унаа" мамлекеттик мекемесинин Ош шаарындагы А.М.М. аттуу жооптуу кызматкери кармалганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, ал Абхазиядан келген, тиешелүү бажы жол-жоболорунан өтпөгөн "Лексус GX-470" үлгүсүндөгү автоунаага Орусиядан келген делген жасалма документтердин негизинде каттоо күбөлүгүн жана Кыргызстандын мамлекеттик номурун каттап берген деп шек саналууда.

Натыйжада мамлекетке 1 млн. 870 миң 586 сом өлчөмүндө зыян келтирилгени айтылат.

Шектүү Жалал-Абад милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалды. Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.

Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматында, Кыргызстанга Абхазия менен Армениянын номери менен кирген оң рулдуу автоунааларды убактылуу колдонууга болот, бирок мамлекеттик номер берип, каттоого тыюу салынган.

Буга чейин оң рулдуу автоунааларды киргизүү, каттоо жана колдонууга уруксат берүү демилгеси парламентте да көтөрүлгөн. 9-февралда парламент жыйынында шайлоочулардын өтүнүчүн билдирген депутат Чолпон Султанбекова өкмөттүн 2015-жылдагы чечимин кайра карап чыгууну сунуштаган.

Эл өкүлү жапон автоунааларын сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө коюлган бөгөттөн улам, жарандар машинени Армения, Абхазия, Грузия өңдүү үчүнчү өлкөлөрдөн сатып алууга мажбур болуп жатканын айткан.

ЕАЭБдин Бажы кодексинин 264, 275-беренелерине ылайык Абхазиядан убактылуу алып келинген автоунааларды башка бирөөгө берүү жана ишеним кат менен сатуу мыйзамсыз. Машинени ЕАЭБдин аймагына киргизип жатканда убактылуу бажы декларациясы толтурулат. Бул документти бир жылдык мөөнөткө чейин алса болот. Бир жылдан кийин автоунааны ЕАЭБдин аймагынан машиненин ээси гана чыгарып кетүүгө тийиш.

Кыргызстанга Абхазиядан болжол менен жети миңден ашуун машине кирген. Буга чейин бул жактан ташылган автоунааларды Кыргызстанда каттап, мыйзамдаштырып берүүнү мамлекеттик органдардан талап кылгандардын митинги өткөн.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG