Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:33

Ошто өспүрүмдөр арасындагы суицидди алдын алуу боюнча жыйын өттү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн 25-мартта Ош шаарынын мэриясында өспүрүмдөр арасындагы суициддин себептерин жана мындай окуяларды алдын алуу маселесин талкуулаган жыйын өттү. Ага прокуратура, милиция кызматкерлери, мектеп мугалимдери катышты.

Жыйынтыгында Курманжан датка аймактык башкармалыгынын, Ош шаарынын социалдык коргоо жана ички иштер башкармалыктарынын жетекчилерине карата шалаакылык мамилеси үчүн чара көрүү сунушу берилди.

17-мартта Ошто 7-класстын эки окуучу кызы беш кабаттуу үйдүн чатырынан боюн таштаган. Алардын бири ошол жерден каза болгон, экинчиси азыр оор абалда ооруканада жатат. Каза болгон кыз 5-класска чейин ата-энеси менен Орусияда жашап, окуганы, атасы азыр Орусияда экени белгилүү болду.

23-февралда шаардын ошол эле аймагында окуучу эркек бала көп кабаттуу үйдөн боюн таштап, каза болгонун милиция билдирген. (ArN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG