Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:59

Жамалбек Ырсалиев кайрадан Бишкектин вице-мэри болуп дайындалды


Жамалбек Ырсалиев.
Жамалбек Ырсалиев.

Буга байланыштуу Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койгонун мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Мурда вице-мэрлик кызматты аркалап келген Максатбек Сазыкулов Биринчи май районуна аким болуп барды. Ал турак жай жана коммуналдык маселелер боюнча жооптуу болгон.

Жамалбек Ырсалиев буга чейин Биринчи май районунун акими болуп турган. Ал мэрияга жетекчилик кызматка 2020-жылдын ноябрында келген. Алгач вице-мэр болуп иштеп, 2021-жылдын июнунда биринчи вице-мэрликке дайындалган.

45 жаштагы Сазыкулов Каржы министрлигинде, өкмөттүк аппаратта иштеген, Кыргыз улуттук университетинде окутуучу болгон. 2015-жылдан бери Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунда уюштурууну өнүктүрүү департаментинде башчы болуп иштеген.

Төрт райондон турган Бишкек шаарынын мэриясында биринчи вице-мэрди кошкондо ар бир багытты тейлеген төрт вице-мэр бар. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG