Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:55

Талас: медиа борборго дайындалган жаңы жетекчи кайра кызматтан алынды


Талас медиа борборуна 24-мартта директор болуп дайындалган Бурмагүл Чабдарова кызматтан алынды. Бул тууралуу "Азаттыкка" облустук акимчиликтин басма сөз катчысы Бакай Абдымаликов билдирди.
Маалыматка караганда, Маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов 23-мартта Бурмагүл Чабдарованы Талас медиа борборуна директор кылып дайындоо боюнча буйрукту бүгүн, 25-мартта жокко чыгарган.

Буга облус башчы Бакытбек Нарбеков аталган кызматка келүү үчүн талапкерлерге бирдей шарт түзүү максатында ачык сынак жарыялаганы себеп болгон.

Министр Азамат Жаманкулов Чабдарованы убактылуу дайындаганын айтып, талапкерлерге сынак жарыялабаганын билдирди. Ошондой эле дүйшөмбү күнү башка талапкерлердин программасы менен таанышарын айтты.

Буга чейин аталган мекемени 69 жаштагы Эрмек Үмөтов 10 жылга жакын жетектеп келген. Ал өз ыктыяры менен кызматын тапшырган. 2019-жылдын этегинде Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин карамагында турган райондук гезиттер жоюлуп, облустук телеканалдардын базасында медиа борборлор уюштурулган. 2020- жылдан тартып медиа борбордун директорлорун тандоого министрлик сынак жарыялаган.

Буга чейин Таластагы Улуттук "Манас ордо" комплексинин директорун дайындоодо дагы министрлик облустук акимчилик менен макулдашуу болбогону айтылып келет. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG