Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:36

Кыргызстан "Манас" банкы боюнча эл аралык сотто утту


Валерий Белоконь.
Валерий Белоконь.

Кыргызстандын Юстиция министрлиги ушул жылдын 23-мартында Франциянын Жогорку кассациялык соту Валерий Белоконь менен Кыргызстандын ортосундагы «Манас банкына» байланышкан көп жылдык талаш-тартышка чекит койгонун кабарлады. Маалыматта бул акыркы чечим экени, Белокондун доо арыздары башка соттордо каралбай турганы белгиленген.

Франциянын Кассациялык соту 23-мартта даттануу жөнүндө ишти карап чыгып, Париж шаарынын апелляциялык сотунун (2017 -жылдын 21-февралындагы) чечимин күчүндө калтырган.

2010-жылы Кыргызстандын Улуттук банкы латвиялык ишкер Валерий Белоконго таандык “Манас банкына” шектүү операцияларды жүргүзгөнү үчүн убактылуу тышкы башкаруу киргизген. Кийинчерээк банк банкротко учураган.

2011-жылы “Манас банкынын” жалгыз акционери Валерий Белоконь Париждеги Эл аралык арбитражга кайрылып, банкты “мыйзамсыз улутташтырган” деп кыргыз өкмөтүнөн 16,5 млн. доллар компенсация талап кылган.

2014-жылы октябрда Эл аралык арбитраж ишти Белокондун пайдасына чечип, кыргыз өкмөтүн пайыздары менен 16,5 млн. доллар компенсация жана Белокондун юридикалык чыгашаларын төлөп берүүгө милдеттендирген.

2015-жылы 22-январда Кыргызстан Апелляциялык сотко кайрылган.

2017-жылы февралда апелляциялык сот “Манас" банкта айланган акчанын жалпы суммасы 5,2 млрд. долларды түзүп, бул 2008-жылы Кыргызстандын ички дүң продукциясынан көп болгонун аныктап чыккан. Соттун чечиминде “Манас" банктын өнүгүп келе жаткан өлкөдө кыска убакытта тапкан ири кирешеси банк тажрыйбасында болуп көрбөгөндөй, ишенимсиз ийгилик” деп айтылган. Сот өз чечими менен юридикалык чыгашалар үчүн Белоконду 300 миң еврого айыпка жыкты.

“Манас" банкы мурдагы президент Бакиевдин тушунда арам акчаларды адалдаган деп айтылып келет. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG