Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:20

Кыргыз-тажик чек арасы: Ташиев Кыргызстандын башка өлкөнүн чегине кирүү ою жоктугун айтты


Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

Кыргызстан Тажикстан менен чек ара маселесин өзүнүн азыркы аймагынын чегинде гана чечүүгө умтулат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 25-мартта журналисттерге эки өлкөнүн чек ара сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшү тууралуу маалымат берип жатып билдирди.

Атайын кызматтын башчысы белгилегендей, Кыргызстандын башка мамлекеттин чегине кирүү ниети жок:

“Кыргыз-тажик чек арасында, билесиздер, ар дайым кооптуу абал түзүлүп турат, себеби маселе 30 жылдан бери чечилбей келген. Биз былтыртан бери президентибиздин түздөн-түз көрсөтмөсүнүн негизинде катуу аракет жасап келе жатабыз. Биз тараптан толук бойдон мыйзамдын чегинде, биздин бүгүнкү күндө жашап турган территориябыздын чегинде гана чечейин деген ойдобуз. Биз эч кандай башка мамлекеттин чегине кирели деген оюбуз жок”.

Кыргызстандын Тажикстан менен чек ара сүйлөшүүлөрү 2002-жылы башталган, ортодогу чек ара сызыгынын 60 пайызга жакыны такталган.

2021-жылдын жазында Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон, үйлөр, социалдык объектилер жарактан чыккан. Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. Эки өлкө бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошкон.

Кийин сүйлөшүүлөр уланып, эки тараптуу жыйындарды пландуу негизде өткөрүп туруу макулдашылган.

Быйыл 27-январда Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында кайрадан чыр чыгып, ок атышууга чейин жеткен. Кыргызстандан жалпысынан 12 жаран жараат алса, тажик тарап эки жараны набыт болуп, дагы 10 адам жараат алганын билдирген. Бул жолу да тараптар бири-бирин айыптаган билдирүүлөрдү жасаган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG