Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:00

Мурдагы айыл башчы жайыт жерин мыйзамсыз сатууга шектелип кармалды


Улуттук коопсуздук боюнча мамелкеттик комитет (УКМК) Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагынын мурдагы башчысы М.З. кармалганын билдирди. Атайын кызматтын маалыматына караганда, мурдагы айыл башчы жайыт жер тилкелерин трансформацияланбастан мыйзамсыз саткан деп шектелүүдө. Ал УКМКнын убактылуу тергөө абагына киргизилди.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Март айынын башында Оштун Кара-Суу районундагы Нариман айылдык кеңешинин депутаты мыйзамсыз жер сатуу фактысына шектүү катары кармалган. Аны менен кошо Нариман айыл өкмөтүнүн юристи жана Суу пайдалануучулар ассоциациясынын жетекчиси колго түшкөнүн УКМК билдирген.

Алар жер тилкелерин жең ичинен сатуу боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалган. УКМКнын маалыматына караганда, алар туруктуу коррупциялык схема түзүп документтерди мыйзамсыз бүтүрүп, айыл чарба багытындагы жерлерди сатышкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG