Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:43

Кадыр Атамбаев абакта отурган атасынан кабар алганын билдирди


Алмазбек Атамбаев жана Фарид Ниязов сот залында. 2020-жылдын 23-декабры.
Алмазбек Атамбаев жана Фарид Ниязов сот залында. 2020-жылдын 23-декабры.

Бишкек шаардык кеңешиндеги Социал-демократтар фракциясынын лидери Кадырбек Атамбаев атасы, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен жолугуп чыкканын өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына 24-мартта жазды. Ал атасынын денесинде көгала жана сыйрылган тактар бар экенин, тизеси сыйрылганын билдирген.

"Кечээ атам ооруп, өзүнүн керебетинде жаткан экен. Болжол менен саат 1ден өткөндө камерага Жазаларды аткаруу кызматынын он чакты кызматкери кирип, атамдын эркине койбой ич кийими менен сыртка сүйрөп кетишкен. Карда жылаңаяк турууга туура келиптир. Атам жаткан бөлмөнүн маңдайында видеокамера бар. Оңой эле текшерсе болот. Андан кийин атам ооруп калыптыр", - деген Кадыр Атамбаев.


24-мартта Бишкектеги №47 түрмөнүн алдында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлеринин акциясы өттү. Алар Атамбаевге карата мыйзамсыз мамиле жасалып жатканын айтып, аны бошотууну талап кылышты. 23-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча сот болмок. Бирок негизги айыпталуучу Атамбаев сот залына кирүүдөн баш тартып койгондуктан отурум 30-мартка жылды. Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев аны камерадан күч колдонуп, сүйрөп чыгышканын, буга байланыштуу Башкы прокуратурага кайрыларын билдирген.

Жаза аткаруу кызматы жактоочунун билдирүүсү жана бүгүнкү акция боюнча азырынча комментарий бере элек.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаевди «Батукаев иши» боюнча кармоо операциясы 2019-жылы анын Кой-Таштагы үйүндө өткөрүлгөн. Күч органдарынын операциясы учурунда бир адам (УКМКнын офицери Үсөнбек Ниязбеков) каза болуп, 175 адам жараат алган. Жалпысынан бул үчүн 19 киши айыпталып, алардын 14нүн иши сотко өткөн.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу Атамбаев жакында 11 жылга эркинен ажыратылды.

Жогорудагы иштерден тышкары Биринчи май райондук сотунда мурдагы президентке байланыштуу кылмыштуу жолу менен алынган кирешени адалдаштыруу, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо боюнча, борбор калаанын Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна бөлүнгөн акчадан уурдоо, паспортторду мыйзамсыз жазып берүү жана 2020-жылдын октябрындагы Бишкектеги башаламандыктар тууралуу иштер каралып жатат. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG