Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:32

Сот укук коргоочу Абдирасуловага 3 миң сом айып пул салды


Азиза Абдирасулова соттук жараян учурунда.
Азиза Абдирасулова соттук жараян учурунда.

Бишкектин Биринчи май райондук соту укук коргоочу Азиза Абдирасуловага Укук бузуулар кодексинин 128-беренеси ("Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө") боюнча 3 миң сом айып пул салды. Бул тууралуу "Кылым шамы" укук коргоо уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Буга чейин Абдирасулова менен чогуу акцияга чыккан укук коргоочулар Динара Ошурахунова жана Өндүрүш Токтонасыров “Майда бейбаштык” деген айып боюнча акталган. Сот Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 126-беренесинде көрсөтүлгөн жосунсуз жоруктардын белгиси жоктугуна байланыштуу ишти кыскарткан. Укук бузуулар кодексинин "Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө" беренеси боюнча 3 миң сом айып салган.

Үч укук коргоочу 17-мартта Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдына Украинадагы согушка каршылык билдирип пикетке чыгышкан. Аларды милиция кармап, сотко жеткирилгенден кийин бошотулган. Бул иште жактоочулук кылып жаткан Нурбек Токтакунов сотторго тил тийгизгени үчүн сот аны "Майда бейбаштык" беренесине ылайык, бүгүн, 24-мартта беш суткага камоо чечимин чыгарды.

14-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында 11-марттан 11-апрелге чейин митинг, акцияларды өткөрүүгө тыюу салуу боюнча райондук милициянын чечимин мыйзамдуу деп тапкан.

Ала-Тоо аянтында, Жогорку Кеңештин жана президенттик администрациянын имаратынын алдында да акцияларды өткөрүүгө убактылуу тыюу салынган. Акыйкатчы институту мындай чектөө Конституцияга каршы келерин билдирди.

Жарандык коом Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында Киевди колдогон бир нече акция өткөрдү. Ошол эле маалда Москваны жактагандар да пикетке чыгууда. Алардын акыркысы 22-мартта Горький атындагы гүлбакта өттү.

24-февралда Орусия Украинага басып киргенден бери бир нече шаар талкаланды. 3 миллиондой адам качкынга айланып, эки тараптан тең курмандыктардын саны көбөйүүдө. Эл аралык коомчулук Москванын бул аракетин айтыптап, өлкөгө бир катар санкцияларды салды. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG