Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:59

Лондон Орусия жана Беларуска каршы санкцияларды кеңейтти


"Сбербанктын" Украинанын аймагындагы кызыл боёк менен боёлгон кеңсеси. Орусиянын Украинага кол салуусуна байланыштуу акция.
"Сбербанктын" Украинанын аймагындагы кызыл боёк менен боёлгон кеңсеси. Орусиянын Украинага кол салуусуна байланыштуу акция.

Улуу Британия Москванын Украинага карата кол салуусуна байланыштуу чараларын кеңейтип, Орусия менен Беларустун 26 компаниясына жана 33 жаранына каршы санкция кабыл алды. Бул тууралуу британ өкмөтүнүн сайтында жарыяланды.

Компаниялардын ичинде "Газпромбанк", "Россельхозбанк", "Альфа-банк", Орусиянын темир жол ишканасы, "Алроса", "РусГидро", РВК, Минск трактор заводу (МТЗ) сыяктуулар, жарандардын ичинде "Сбербанктын" жетекчиси Герман Греф жана "Тинькофф банктын" негиздөөчүсү Олег Тиньков баштаган ишкерлер бар.

24-февралда Орусия Украинага кол салгандан бери Европа Биримдигиндеги мамлекеттер, АКШ, Канада, Жапония, Улуу Британия баштаган мамлекеттер Москвага каршы санкциялардын бир нече пакетин кабыл алышты.

25-февралда Улуу Британия Орусиянын президенти Владимир Путинге жана тышкы иштер министри Сергей Лавровго салган. 10-мартта санкцияга миллиардер Роман Абрамович, “Роснефттин” башчысы Игорь Сечин, “Газпромдун” директорлор кеңешинин төрагасы Алексей Миллер, "Транснефттин” президенти Николай Токарев, миллиардер Олег Дерипаска, бизнесмен Александр Лебедев жана банкир Андрей Костин илешкен. Кийин Улуу Британия дагы 370 орус жана беларус жарандарына жана фирмаларына каршы санкция киргизген.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин "Донбасстагы калкты коргоо" тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирди. Толук бир айдан бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң катуу чабуулдар Киевге, Харьковго жана Мариуполго жасалды. Деңиз жээгиндеги Мариупол шаарына орус күчтөрү күн сайын сокку уруп жатат.

Согуш башталгандан бери Украинада жүздөгөн адамдар каза таап, 3 миллиондон ашуун адам үй-жайын таштап качууга аргасыз болду. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG