Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:03

Брюсселде НАТОнун Украина боюнча чукул саммити башталды


НАТОнун Украинадагы кырдаал боюнча кезексиз саммитинин башталышы. 24-март, 2022-жыл. Брюссель, Бельгия.
НАТОнун Украинадагы кырдаал боюнча кезексиз саммитинин башталышы. 24-март, 2022-жыл. Брюссель, Бельгия.

24-мартта Бельгиянын борбору Брюсселде НАТОнун Украинадагы кырдаал боюнча кезексиз саммити башталды. Анда уюмга мүчө мамлекеттер - АКШнын президенти Жо Байден, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган, Франциянын президенти Эммануэл Макрон, Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон, Германиянын канцлери Олаф Шольц жана башка өлкөлөрдүн лидерлери катышууда.

Жыйында ок атышууну токтотуу, Орусияга каршы чараларды катаалдатуу, Киевге колдоо көрсөтүү жана башка маселелер каралат.

Саммиттин алдында НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Украинага кол салуу менен Орусиянын президенти Владимир Путин “өтө чоң ката кетиргенин” айткан. Ал жолугушууда лидерлер коргонуу чараларын талкуулай турганын кошумчалаган. Столтенберг НАТО Европадагы аскерлерин төрт эсе көбөйткөнүн белгилеп, жаңы күчтөр Румынияга, Венгрияга, Словакияга жана Болгарияга жайгаштырыларын тактаган.

Жыйында Украинанын президенти Владимир Зеленский Батыш өлкөлөрдүн лидерлерине видео кайрылуу жасайт деп күтүлүүдө. Ал 23-марттын кечиндеги кайрылуусунда демократиялык мамлекеттердин башчыларын Орусиянын “катуу жана каардуу күчүнө каршы” биригүүгө чакырган.

Украинанын катуу кармашына кабылгандан Орусиянын аскерлери чабуулун басаңдатып, баш аламан атууга өтүп, көбүнчө имараттарды аралыктан талкалай баштады. Москванын кол салганына 24-мартта толук бир ай болду. (ErN)

XS
SM
MD
LG