Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:49

"Торугарт" аркылуу Кытайдан күнүнө 100 жүк ташуучу машине өтө баштады


Нарындын “Торугарт” өткөрмө бекети аркылуу Кытайдан күнүнө 100 жүк ташуучу автоунаа чыгып жатат. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады.

Облус башчысы Сабыркул Ашимбаев 23-мартта кыргыз-кытай чек арасындагы жүк өткөрүү бекетине барган. Анда айдоочулар жүк өткөрүү бекетинде инфратүзүмдү оңдоп, кеңейтүү зарылдыгын айтышкан.

Мындан тышкары Кытайдан чыккан контейнерлер салмагынан ашыкча болуп жатканын, машинелерди рентгенден өткөрүү көп убакытты аларын билдиришти.

Пандемия башталгандан бери Кыргызстандын жүк ташуучу автоунаалары үчүн Кытай менен чектеш жерде жүк жүктөөчү жай уюштурулган. Ал жерге чейин Кытайдын жүк ташуучулары контейнерлер менен товар алып келип беришет.

Буга чейин өкмөт Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы кара жол аркылуу ташылган жүктүн көлөмү пандемияга чейинки мезгилдеги көрсөткүчкө жеткенин билдирген. Негизги соода өнөктөш болгон Кытай менен товар алмашуу "Торугарт" жана Оштогу "Эркештам" аркылуу жүргүзүлөт. Пандемияда бул чек ара бекеттеринен отузга жетпеген автоунаа өтүп калган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG