Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:27

2022-2023-жылдарда жаңы курулушка мораторий киргизүү сунушталды


Кеңеш айылына курулган жаңы мектеп жана контейнерден курулган эски мектеп.
Кеңеш айылына курулган жаңы мектеп жана контейнерден курулган эски мектеп.

Архитектура, курулуш, турак жай жана коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги 2022-2023-жылдарга жаңы курулушка мораторий киргизүүнү сунуштоодо.

Мындай сунуш Финансы министрлигине жиберилип, учурда каралып жатканын 24-мартта "Кабар" маалымат агенттигинде өткөн басма сөз жыйында аталган мекеменин директорунун орун басары Самат Бөрүбаев билдирди. Анын айтымында, өлкө боюнча боюнча дээрлик 14 млрд. сомго курулушу бүтпөгөн 492 объект бар. 2022-жылы республика боюнча 74 объектини куруу жана реабилитациялоо зарыл.

“Биздин базада 245 авариялык абалдагы мектеп бар. Алардын 37синде жумуштар бүтүп, 44 мектеп оңдолууда. Дагы авариялык абалдагы 83 объект калды. Бөлүнгөн каражаттар биринчи орунда ушул сыяктуу объектилерге жумшалышы керек”, - дейт ал.

Курулуш тармагына быйыл жалпысынын 2,4 млрд. сомдон ашуун каражат бөлүнгөн. Учурда аталган мекеме бир жылда курулуп бүтө турган мекемелердин тизмесин түзүүдө.

2021-жылы ар кандай багыттагы 109 объектинин курулушу бүткөрүлдү. Анын ичинде оңдоп-түзөөдөн өткөндөрү дагы бар.

Өткөн жылы курулуш жүргүзүүгө 520 лицензия берилген.

Соңку жылдары Бишкек шаарында көп кабаттуу үйлөр көп салынууда. Алардын мыйзамдуулугу боюнча талаш-тартыш чыккан учурлар бар. Буга чейин шаар тургундары мыйзамсыз курулуштарга каршы акцияларды өткөрүшкөн.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев парламент жыйынында Бишкек шаарында жашылдандыруу иши колго алынбай, курулуштар чар жайыт жүрүп жатканын сынга алган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG