Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:01

Кыргызстанда студенттердин 30% чет өлкөлүктөр түзөт


Кыргызстандын жогорку окуу жайларында билим алып жаткан студенттердин 30% чет өлкөлүктөр. Мындай маалымат Билим берүү жана илим министрлигинин сайтына жарыяланды.

Өлкөдөгү 76 жогорку окуу жайында окуган 231 миңден ашуун студенттин 70 миңдейи башка мамлекеттердин жараны.

Чет өлкөлүк студенттердин 63% коңшу мамлекеттердин өкүлдөрү, алар негизинен мамлекеттик окуу жайларда билим алышат, көбү өзбекстандыктар – 39 миңге жакын улан-кыз.

Индиялыктар 14,5 миң, пакистандыктар 10 миңдин тегерегинде. Алар мамлекеттик эмес окуу жайларынын студенттери.

Жалпысынан Кыргызстандагы бардык студенттердин 84% мамлекеттик жогорку окуу жайларда окушат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG