Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:27

Украина Орусиянын десанттык кемесин жок кылганын маалымдады


Орусиянын "Орск" десанттык ири кемесинин өрттөнүп жаткан сүрөтү. Интернетте тараган сүрөттөр. Бердянск, Украина.
Орусиянын "Орск" десанттык ири кемесинин өрттөнүп жаткан сүрөтү. Интернетте тараган сүрөттөр. Бердянск, Украина.

Украин армиясынын башкы штабы 24-мартта Бердянск портунда турган Орусиянын "Орск" десанттык чоң кемесин жок кылганын маалымдады. Социалдык түйүндөрдө кеменин өрттөнүп жаткан сүрөтү жана видеолору тарады.

Запорожск облустук администрациясы кемеге таңга жуук саат 7де чабуул болгонун билдирди. Мындан сырткары порттогу дагы эки кемеге зыян келтирилген, күйүүчү май ташыган резервуар жана ок-дары сактоочу кампа жок кылынган.

Үч күн мурда орусиялык мамлекеттик медиалар аталган кеме Бердянск шаарына аскердик техникаларды жеткиргенин кабарлашкан. Бердянск - Азов деңизинин боюнда, Мариуполь шаарынын жанында жайгашкан шаар.

"Орск" - Кара деңиз флотунун кемеси, ал 1968-жылы чыгарылган. Анын штаттык экипажы 55 адамды түзөт, ачык булактарда ал 300дөн 440ка чейин десантты ташып жүрө алат.

Курмандыктар жана жабыр тарткандар тууралуу маалымат жок. Москва өзүнүн жоготуулары тууралуу маалыматты ачыкка чыгарбай келет. Орусиянын Коргоо министрлиги 2-мартта гана 498 аскери өлгөнүн мойнуна алган.

Украинанын Башкы штабы Орусия өлгөн жана жарадарларды кошкондо 15800 аскерин, 530 танкы, 1597 чопкутталган автоунаасы, 108 учагы, 124 тик учагы жана жүздөгөн башка техникаларын жоготконун кабарлады. Бул маалыматтарды Москва ырастай элек.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин "Донбасстагы калкты коргоо" тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирди. Толук бир айдан бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң катуу чабуулдар Киевге, Харьковго жана Мариуполго жасалды. Деңиз жээгиндеги Мариупол шаарына орус күчтөрү күн сайын сокку уруп жатат.

Согуш башталгандан бери Украинада жүздөгөн адамдар каза таап, 3 миллиондон ашуун адам үй-жайын таштап качууга аргасыз болду. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG