Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:50

Кадыркулов: Украинанын аймагында 68 кыргызстандык калды


Идрис Кадыркулов.
Идрис Кадыркулов.

Украинада согуш башталгандан бери Тышкы иштер министрлиги жана элчиликтин көмөгү менен жалпысынан 718 кыргызстандык коопсуз аймактарга чыгарылды. Элчи Идрис Кадыркуловдун "Азаттык" радиосуна билдиришинче, учурда Кыргызстандын 68 жараны Украинанын аймагында калууда. Айрым жарандар Украинадан чыгуудан баш тартканын, кээ бирлери чечим кабыл ала электигин айтат.

"Бул жакта калгандар Украинанын Киев, Харьков, Львов, Одесса, Ивано-Франковск шаарларында калууда. Алардын арасында украин жарандыгына ээ болгон үй-бүлө мүчөлөрү дагы бар. Мисалы, атасы же энеси кыргыз жараны, бирок уул-кыздары, түгөйлөрдүн бири украин жарандары болгон учурлар бар. Биз аларды дагы мекенге чыгарууга аракет кылып, сунуштарды айтып жатабыз. Жаңы кабыл алынган мыйзамга ылайык, аскерге чакырууга мөөнөтү келген 18ден 60 жашка чейинки эркек жарандарды өлкө аймагынан чыгарбай жаткан дагы жагдайлар бар. Эч кимге жашыруун эмес, Кыргызстандын жарандыгынан чыкпай туруп, Украинанын жарандыгын алгандар дагы көп", - деди элчи.

"Азаттыктын" "Армияга чакырылгандар арасында теги кыргызстандыктар барбы?" - деген суроосуна элчи:

"Чакырылгандар деле болсо керек. Бирок азыркы абалга карата Украинанын Тышкы иштер министрлиги жана Куралдуу күчтөрүнөн маалымат алуу абдан оор болуп жатат", - деп жооп берди.

Буга чейин бул аймакта 680 кыргыз жараны консулдук каттоодо турары маалымдалган. Элчилик Украинада жалпысынан 1350дөй кыргызстандык бар экенин билдирген. Соңку кырдаалдан улам кыргызстандыктар Венгрия, Польша, Молдова, Румыния, Болгария жана Түркия аркылуу Кыргызстанга чыгарылды.

Орусия Украинада согуш баштаган 24-февралдан бери бул өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгондор 2 миллиондон ашты. Кыргызстандын Украинадагы элчилиги бул күндөрү күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын кабарлап жатат. Дипломатиялык өкүлчүлүктүн өкүлдөрү бул өлкөнүн ар кайсы шаарларына жылып иштөөдө. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG