Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:32

Жапаров: 24-мартта элдин эркине каршы чечимдерди кабыл алган бийлик кулатылган


Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

Бүгүн президент Садыр Жапаров 24-март - элдик революция күнүнө карата кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду. Мамлекет башчы 2005-жылдын 24-мартында коом адилетсиздикке жана үй-бүлөлүк башкарууга каршы нагыз элдик революция жасаганын белгилеген. Мындан сырткары азыркы кыргыз коомчулугу адам укуктарын басмырлоого жол бербеген, сөз эркиндигин жогору койгон, улуттук ар-намыс үчүн тайманбай күрөшкөн жаратман эл экенин жана муну дүйнө элине көрсөтө алганын айткан.

"Мамлекет тагдырында бурулуш окуя катары бааланган парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондуктан, өлкөнүн булуң-бурчунда элдик толкундоолор күч алып, акыры анын үнүн укпаган, текебер мамиле менен элдин эркине каршы чечимдерди кабыл алган бийлик кулатылган. Кечээ жакында эле белгиленген Аксы коогалаңы, андан берки ыңкылаптар - бири-бирине тыгыз байланыштуу окуялар. Алар Кыргызстандын соңку тарыхындагы кайсыл гана бийлик болбосун чоң сабак алуучу тарыхый фактылардан болуп калды", - деп жазылат президенттин кайрылуусунда.

Мамлекет башчы алдыда демократия жолунда өнүгүүгө умтулган элдин үмүтүн актап, тилектерин орундатуу милдети турганын, ал үчүн ар кандай багыттарда өзгөрүүлөрдү жасап, реформаларды жүзөгө ашыруу максаттары турганын белгилеген.

2005-жылдын 24-мартындагы "Жоогазын ыңкылабы" деген аталыш менен тарыхка кирген окуяга быйыл 17 жыл болду. Ал күнү демонстранттар өлкөнү 15 жыл башкарган Аскар Акаевдин үй-бүлөлүк системасына каршы чыгышкан.

2008-жылдан тартып бул күн Элдик революция күнү катары расмий белгиленип келген. 2012-жылы Жогорку Кеңештин токтому менен бул датаны расмий белгилөө токтотулган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG