Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:59

Орусияда Навальныйды колдогон жүзгө жакын полиция кызматкери иштен алынганы айтылды


Москва. Иллюстрациялык сүрөт.
Москва. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиядагы саясий коррупция тууралуу айтып, бийликти кескин сындап келе жаткан саясатчы Алексей Навальныйдын долбоорлорун колдогону үчүн соңку үч айда кеминде жүздөй полиция кызматкери жумуштан алынганын 23-мартта “Свобода” радиосу Би-Би-Синин иликтөөсүнө таянып жазды.

Орусиянын Ички иштер министрлигиндеги булактарга таянган маалыматка караганда, Волгоградда саясий негизде 17 кызматкер иштен алынды. Ушундай эле себеп менен жумушунан ажырагандар Ярослав облусунда 30, Пермде 22, Томск облусунда 30 жана Калуга, Воронеж, Свердлов, Тюмен облустарында 5-15тен кызматкер экени кабарланды.

Аларды Навальный жөнүндө жана анын долбоорлору тууралуу Интернетке жарыяланган маалыматтарга лайк белгисин койгону же сайттарына жазылганы үчүн Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) аныктаганы айтылды.

Орусиянын азыркы бийлигин кескин жана ачык сындап, түрдүү нааразылык акцияларын уюштуруп келген Навальныйга караштуу уюмдарды орус бийлиги 2021-жылы экстремисттик деп расмий тааныган. Саясатчы өзү Владимир облусундагы колонияда абакта отурат. Жакында сот аны алдамчылык кылды жана судьяга акаарат келтирди деген негизде 9 жылга эркинен ажыратты. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG