Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:05

АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Мадлен Олбрайт көз жумду


Мадлен Олбрайт.
Мадлен Олбрайт.

АКШнын мурдагы президенти Билл Клинтондун тушунда мамлекеттик катчы болгон Мадлен Олбрайт 85 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу анын үй-бүлөсү кабарлады.

Олбрайт 1937-жылы 15-майда Чехословакиянын Белграддагы элчилигинин пресс-атташеси Йозеф Корбелдин үй-бүлөсүндө туулган. 1939-жылы Германия Чехословакияны басып алгандан кийин үй-бүлөсү менен Лондонго жер которууга мажбур болгон. Корбел качкында жүргөн Чехословакиянын президенти Эдвард Бенештин өкмөтүндө иштеген.

Согуштан соң алар Чехословакияга кайтып келишип, социализм орногондо АКШга кетишкен. 1957-жылы Мадлен Олбрайт АКШнын жарандыгын алып, 1959-жылы Уэллсли кыздардын менчик колледжинде бакалавр даражасына ээ болгон.

1992-жылы Билл Клинтондун кеңешчиси болуп жүрүп, Клинтон президенттикке шайлангандан кийин АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү болуп дайындалган. Мамлекеттик катчылык кызматка 1997-жылы келген. Олбрайт АКШнын тарыхында бул жогорку кызматты аркалаган биринчи аял болуп калган. Мамлекеттик катчы болуп 2001-жылга чейин иштеген.

Олбрайт НАТОнун кеңейишин жана 1999-жылкы Югославиядагы “Союздук күчтөр” операциясын жактаган. Андагы бомбалоолордон бир нече миң адамдын өмүрү кыйылган.

Быйыл февралда Орусия Украинага кол салардын алдында The New York Times басылмасы Олбрайттын көлөмдүү макаласын жарыялаган. Анда мурдагы мамлекеттик катчы “эгер Кремль коңшу өлкөгө кол салса ал Москванын тарыхый катасы болуп каларын” эскерткен. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG