Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:03

Евробиримдик Украинага бериле турган жардамын эки эсе көбөйттү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Европа биримдиги (ЕБ) Украинага бере турган аскердик жардамынын суммасын эки эсе көбөйттү. Уюм 23-мартта кабыл алган чечимге ылайык, 1 миллиард доллар бөлүнүп берилмей болууда.

Европа биримдигинин кеңешинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 28-февралда Украинага аскердик жардам катары 500 миллион евро бөлүп берүү тууралуу чечим кабыл алынган. Эми буга дагы ошончо сумма кошулат.

Бир миллиард еврого ЕБ бир жыл ичинде Украинага аскердик жабдык да, курал-жарак да жеткирип бере алат.

24-февралдан бери Украина Орусиянын агрессиясына каршы салгылашууда. Тынчтык сүйлөшүүлөрү натыйжа бере элек. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG