Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:18

Киевде The Insider басылмасынын кабарчысы каза тапты


Киев. 2022-жылдын 21-марты.
Киев. 2022-жылдын 21-марты.

Украинада ракеталык чабуулдан The Insider басылмасынын кабарчысы Оксана Баулина каза болду. Басылма 23-мартта кабарлагандай, журналист редакциянын тапшырмасы боюнча Киевде орус аскерлеринин аткылоосуна кабылган Подольский районундагы абалды видеого тартып иштеп жаткан.

Буга чейин Оксана Баулина "Навальный LIVE" каналында, "Ачык Орусия" долбоорунда иштеген, “Свобода” радиосу жана "Медиазона" менен кызматташып келген.

2017-жылы “Свобода” радиосу Баулина тууралуу документалдык тасма тарткан. Ал кезде журналист "Навальный Live" каналынын башкы редактору болчу. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG