Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:21

Атамбаевдин адвокаты Жаза аткаруу кызматына каршы арыз берилерин айтты


Алмазбек Атамбаев сотко жеткирилди. 2022-жылдын 23-марты.
Алмазбек Атамбаев сотко жеткирилди. 2022-жылдын 23-марты.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочулары Жаза аткаруу кызматынын кызмат адамдарын жоопко тартуу талабы менен Башкы прокуратурага арыз даярдап жатышканын 23-мартта адвокат Замир Жоошев билдирди.

Жоошевдин айтымында, Атамбаев кармалып отурган №47 колониянын дарыгеринин мурдагы президент жүрөк жана омуртка оорусуна байланыштуу камакта кармалбоосу жана сот отурумдарына катышпоосу керектиги жөнүндө жазып берген аныктамасына карабастан кызматкерлер аны шаршемби күнү сотко күчтөп алып барышкан.

Адвокат эшикте кар жаап жатканына карабастан Атамбаевди колониядан ич кийимчен отурган жеринен сүйрөп чыгышканын, шымы менен бут кийимин машинага отургузгандан кийин гана алып барып беришкенин видео көзөмөл камераларынан көрүүгө болорун кошумчалады.

23-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча кезектеги отурум болмок. Судья отурумду ачык өткөрүүгө уруксат берген.

Атамбаев сот имаратына жеткирилип, бирок унаадан чыкпай койгонуна байланыштуу отурум 30-мартка которулган.

Жаза аткаруу кызматы жактоочунун билдирүүсү боюнча азырынча комментарий бере элек.

Ал эми Биринчи май райондук соту өкүм чыкмайынча эч кимди күнөөлүү деп айтуу мүмкүн эместигин, адамдын айыбы бар же жогу сотто гана аныкталарын эскертип, Атамбаевге байланыштуу отурумдардын баары ал өзү жана башка айыпталуучулар келбей коюп жаткандыктан башка күнгө которулуп келатканын билдирди.

Атамбаевди «Батукаев иши» боюнча кармоо операциясы 2019-жылы анын Кой-Таштагы үйүндө өткөрүлгөн. Күч кызматкерлеринин операциясы учурунда бир адам (УКМКнын офицери Үсөнбек Ниязбеков) каза болуп, 175 адам жараат алган. Жалпысынан бул үчүн 19 киши айыпталып, алардын 14нүн иши сотко өткөн.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу Атамбаев жакында 11 жылга эркинен ажыратылды.

Жогорудагы иштерден тышкары Биринчи май райондук сотунда мурдагы президентке байланыштуу кылмыштуу жолу менен алынган кирешени адалдаштыруу, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо, борбор калаанын Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна бөлүнгөн акчадан уурдоо, паспортторду мыйзамсыз жазып берүү жана 2020-жылдын октябрындагы Бишкектеги башаламандыктар тууралуу иштер каралып жатканын мекеменин басма сөз кызматы билдирди. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG