Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:20

Киев 100дөй украин жараны Орусияда туткунда экенин билдирди


Украин аскери согуш жүрүп жаткан талаада.
Украин аскери согуш жүрүп жаткан талаада.

Согуштук аракеттер башталгандан бери орусиялык аскерлер 100гө жакын украин жаранын туткунга алды. Бул тууралуу 24-мартта Украинанын вице-премьер-министри Ирина Верещук маалымдады.

Ал мунун арасында Змеиный аралын коргоп жатып орус тарапка колго түшкөн чек арачылар жана башка жарандар да бар экенин тактады. Верещук ошондой эле учурда туткундарды алмашуу боюнча Орусия менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалады.

Мурдараак Ирина Верещук Украинанын аймагында 562 орус аскери туткунга түшкөнүн айткан эле. Ошол эле маалда Москва аларга 270 украин жоокери колго түшкөнүн маалымдаганын, бирок 500дөн ашык украиналык аскер туткунда болушу мүмкүндүгүн кошумчалаган.

Орусиянын Коргоо министрлиги туткундардын санын так айта элек. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги гана Москва менен Киев эки жолу туткундарды алмашканын кабарлаган.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин "Донбасстагы калкты коргоо" тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирди. Толук бир айдан бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң катуу чабуулдар Киевге, Харьковго жана Мариуполго жасалды. Деңиз жээгиндеги Мариупол шаарына орус күчтөрү күн сайын сокку уруп жатат.

Согуш башталгандан бери Украинада жүздөгөн адам каза таап, 3 миллиондон ашуун адам үй-жайын таштап качууга аргасыз болду. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG