Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:33

Судья адвокат Токтакуновду беш суткага камоо чечимин чыгарды


Нурбек Токтакунов.
Нурбек Токтакунов.

Бүгүн, 24-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Убайдулла Сатимкулов адвокат Нурбек Токтакуновду беш суткага камоо тууралуу чечим чыгарды. Маалыматты адвокат өзү "Азаттыкка" ырастады.

Мамлекеттик айыптоочу адвокатты Укук бузуулар жөнүндө кодекстин "Майда бейбаштык" беренеси боюнча айыптуу деп таап, беш суткага камоону соттон сураган.

"Сот жөнүндө жаман сөздөрдү айтты деген негизде ушундай чечим чыгарды. Мен адвокаттык ишимди аткарып жаткам. Мен соттор жөнүндө андан дагы жаман сөздөрдү айтчумун, журналисттерге маек бергенде айтчумун. Соттор жөнүндө айткан сөзүм үчүн биринчи жолу беш суткага камап жатышат", - деди Токтакунов.

Жактоочу сотко апелляциялык арыз тапшырууга аракет жасалып жатканын, арыз кабыл алынбай калса бүгүн эле камала турганын кошумчалады.

Укук коргоочулар Динара Ошурахунова, Азиза Абдирасулова жана Өндүрүш Токтонасыров 17-мартта Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдына Украинадагы согушка нааразылык билдирип пикетке чыккан. Аларды милиция кармап, сотко жеткирилгенден кийин бошотулган. Ишти Биринчи май райондук соту карап, "Майда бейбаштык" беренеси боюнча үчөө тең акталган. Сот Ошурахуновага Укук бузуулар кодексинин "Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө" беренеси боюнча 3 миң сом айып салган.

Бул берене боюнча ушул тапта Азиза Абдирасулованын иши каралып жатат.

Укук коргоочуларга жактоочу катары барган Нурбек Токтакунов элчиликтин алдында митинг өткөрүүгө тыюу салган чечим мыйзамсыз, Конституцияга каршы келерин айтып, сотторду сынга алган. Бул үчүн ал "Майда бейбаштык" беренеси менен жоопко тартылууда.

14-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында 11-марттан 11-апрелге чейин митинг, акцияларды өткөрүүгө тыюу салуу боюнча райондук милициянын чечимин мыйзамдуу деп тапкан.

Ала-Тоо аянтында, Жогорку Кеңештин жана президенттик администрациянын имаратынын алдында да акцияларды өткөрүүгө убактылуу тыюу салынган. Акыйкатчы институту мындай чектөө Конституцияга каршы келерин билдирди.

24-февралда Орусия Украинага басып киргенден бери бир нече шаар талкаланды. 3 миллиондой адам качкынга айланып, эки тараптан тең курмандыктардын саны көбөйүүдө. Эл аралык коомчулук Москванын бул аракетин айтыптап, өлкөгө бир катар санкцияларды салды. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG