Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:19

Президент Жапаров Атамбаевдин сотун ачык өткөрүүнү суранды


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тегерегиндеги талкуу боюнча өзүнүн Фейсбук баракчасына пикирин жазды.

Ал мыйзам алдында баары бирдей экенин, жоопкерчиликке тартылган жаран ак экенин сотто далилдеши керектигин эскерткен.

Өзүнө кыянаттык кылгандарды, анын ичинде Атамбаевди дагы кечиргенин айтып, өч алуу табиятында жок экенин кошумчалаган.

"Мыйзам алдында баарыбыз бирдейбиз. Сот жоопкерчилигине тартылып жатасыңбы? Сотко бар. Ак экениңди далилде. Мен да камалгам, мен да сотко баргам. Эч качан каршылык көрсөтүп, соттон качкан эмесмин. Мыйзамга, тартипке баш ийгем. Баарыбыз мыйзамга баш ийели. Ошондо өлкөдө тартип болот. Учурдан пайдаланып ишти карап жаткан сот, прокурорлордон суранып кетет элем. Буйрук бергенге укугум жок. Ошондуктан суранып жатам. Эгер мүмкүн болсо сот процессин жабык эмес, ачык өткөрсөңүздөр болмок. Каалаган журналисттер, блогерлер кирип түз эфир дагы жасаса жакшы болмок. Эл дагы соттун жүрүшүнө назар салып турмак. Кой-Таш окуясы эч кимге деле жашыруун эмес го?", - деп жазган Жапаров.


23-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча сот болмок. Бирок негизги айыпталуучу Атамбаев сот залына кирүүдөн баш тартып койгондуктан отурум 30-мартка жылды.

Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев аны камерадан күч колдонуп, сүйрөп чыгышканын, буга байланыштуу Башкы прокуратурага кайрыларын билдирген.

Бишкек шаардык кеңешиндеги Социал-демократтар фракциясынын лидери Кадырбек Атамбаев атасы, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен жолугуп чыкканын өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына 24-мартта жазды. Ал атасынын денесинде көгала тактар бар экенин, тизеси сыйрылганын билдирген.

Кыйноого каршы улуттук борбордун, Акыйкатчы институтунун кызматкерлери №47 колонияга 24-мартта барып, Атамбаевден кабар алышкан.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаевди "Батукаев иши" боюнча кармоо операциясы 2019-жылы анын Кой-Таштагы үйүндө өткөрүлгөн.

Күч органдарынын операциясы учурунда бир адам (УКМКнын офицери Үсөнбек Ниязбеков) каза болуп, 175 адам жараат алган. Жалпысынан бул үчүн 19 киши айыпталып, алардын 14нүн иши сотко өткөн.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу Атамбаев жакында 11 жылга эркинен ажыратылды.

Жогорудагы иштерден тышкары Биринчи май райондук сотунда мурдагы президентке байланыштуу кылмыштуу жолу менен алынган кирешени адалдаштыруу, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо боюнча, борбор калаанын Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна бөлүнгөн акчадан уурдоо, паспортторду мыйзамсыз жазып берүү жана 2020-жылдын октябрындагы Бишкектеги башаламандыктар тууралуу иштер каралып жатат. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG