Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:59

АКШ Европаны суюлтулган газ менен камсыз кылат


АКШнын президенти Жо Байден менен Европа комиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйендин биргелешкен билдирүүсү. 25-март, 2022-жыл.
АКШнын президенти Жо Байден менен Европа комиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйендин биргелешкен билдирүүсү. 25-март, 2022-жыл.

Кошмо Штаттары Европа Биримдигине мүчө мамлекеттерди быйыл кеминде 15 млрд. куб метр америкалык суюлтулган газ менен камсыздоо тууралуу келишимге кол койду. Бул тууралуу 25-мартта АКШнын президенти Жо Байден менен Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен биргелешкен билдирүүдө жарыялады.

Алар келишимдин максаты Европанын орус газынан көз карандылыгын жоюу экенин билдиришип, 2030-жылга чейин Вашингтондун Евробиримдикке газ экспорту 50 млрд. куб метрге чейин жетерин айтышты.

“Бүгүн биз бул максатка жетүү үчүн биргелешкен иш-чаралар планын бекиттик. Муну менен катар келечекте таза энергияга өтүүнү тездетүүнү макулдаштык. Бул демилге эки негизги маселени чечет. Биринчиси - Европаны Орусиянын газынан көз карандысыз кылуу, экинчиси - Европанын газга болгон керектөөсүн кыскартуу”,-деди Байден.

Урсула фон дер Ляйен да Байдендин Орусиянын отунуна көз карандылыкты жоюу боюнча айтканын кубаттап:

"Андан баш тартууга умтулуп жатабыз. Буга газды, анын ичинде суюлтулган газды кошумча сатып алуу менен жетсе болот”,-деди.

Европа Биримдигиндеги өлкөлөр жылына 350-400 млрд. куб метр газ керектейт. Айрым маалыматтарга караганда, Европа мунун 40%ын Орусиядан сатып алат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG