Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:33

Бишкекте журналист Арзыгүл Галымбетова эскерилди


Арзыгүл Галымбетова
Арзыгүл Галымбетова

Бишкектеги Максим Горький атындагы сейилбакта Баткен облустук телеканалынын журналисти, Akipress агенттигинин аймактык кабарчысы Арзыгүл Галымбетованын арбагына багышталып куран окулду.

Эскерүүгө журналисттер, маркумдун кесиптештери, активисттер жана “Чек ара” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү келди.

Кесиптештери ал чек ара маселелерин, аткезчилик, коррупцияга каршы күрөшүү темаларын байма-бай чагылдырып келгенин белгилешти.

37 жаштагы Арзыгүл Галымбетованын сөөгү 26-мартта Баткен шаарында жерге берилди. Жакындарынын айтымында, ал 25-март күнү кечке жуук өзүн жаман сезип ооруканага түшкөн. Ошол күнү эсине келбей каза болгон.

Журналист Бишкектеги гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. Алгач «Манас жаңырыгы» телеканалында, кийин "КТР-Обо" гезитинде иштеген. Соңку жылдары Баткендин облустук телеканалында жана "Турмуш" сайтында (Akipress) эмгектенип келген. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG