Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:26

Денисенко: Орусия Украинадагы күйүүчү май кампаларын бутага алууда


Львов шаарынынын сокку урулган аймагы. 26-март, 2022-жыл.
Львов шаарынынын сокку урулган аймагы. 26-март, 2022-жыл.

Орусиянын күчтөрү Украинадагы күйүүчү май жана азык-түлүк сакталган кампаларга сокку ура баштады. Бул тууралуу Украинанын ички иштер министринин орун басары Вадим Денисенко 27-мартта билдирди.

Анын айтымында, украин бийлиги эми кара май жана тамак-аштын запастарын бир жерге топтобой, ар кыл аймактарга таратып, бөлүп сактайт.

Ишемби жана жекшемби күндөрү Орусиянын күчтөрү Украинанын батышындагы Львов шаарындагы күйүүчү май кампасына жана аскердик жайга ракета аткан. Украин бийлиги билдиргендей, бул чабуулдардан беш киши жараат алды.

Украинанын ички иштер министринин орун басары Вадим Денисенко Орусия украин чек арасына өз күчтөрүн топтоп жатканын, бул Москва Украинада жаңы чабуулдарга даярданып жатканын туюнта турганын кошумчалады.

Улуу Британиянын Коргоо министрлигинин 27-мартта жарыяланган талдоосуна ылайык, орус күчтөрү Харьков аймагынан түштүктү жана Мариуполдон түндүктү көздөй алдыга жылууга аракет кылууда. Муну менен Орусия Украинанын чыгышындагы украин күчтөрүн курчоого алууну көздөп жатышы мүмкүн.

Орусия Украинага 24-февралда басып кирген. Андан бери миңдеген жайкын тургундардын жана аскердик кызматкерлердин өмүрү кыйылды. Эки өлкөнүн ортосундагы согушту токтотууну көздөгөн сүйлөшүүлөрдөн майнап чыга элек.

XS
SM
MD
LG