Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:55

Төрөбаев Министрлер кабинетинин төрагасына орун басар болгону кабарланды


Бакыт Төрөбаев
Бакыт Төрөбаев

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев кызматтан кетип, анын ордуна Жогорку Кеңештеги «Ата Журт-Кыргызстан» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев дайындалганы кабарланды. Бул тууралуу ишенимдүү булактар билдирди. Ал маалыматты Жогорку Кеңештеги айрым депутаттар ырасташты.

Азырынча өкмөттөгү кадрдык өзгөрүү боюнча президенттин расмий жарлыгы жарыялана элек. Бакыт Төрөбаев да бул маалымат тууралуу комментарий берген жок.

Маалыматтарга ылайык, кызматтан бошотулган Азиз Алиев жаңыдан түзүлүп жаткан Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунун башкармалык төрагалыгы кызматына барат.

49 жаштагы Бакыт Төрөбаев 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо «Ата Журт-Кыргызстан» партиясынын тизмесинен шайланган. Ага чейин «Ак жол», «Республика» жана «Өнүгүү-Прогресс» партияларынан парламенттин үч чакырылышына депутат болгон. 2009-жылы өзгөчө кырдаалдар министри кызматын аркалаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG